ДОН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДОН (иран тилдеринде – «суу», «дарыя» маани­синде; байыркы гр. Т а н а и с) – Россиянын европ. бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Уз. 1870 км, алабынын аянты 422 миң км2. Орто Орус дөң­сөөсүнөн башталып, Азов деңизинин Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 км2ге че­йин) пайда кылат. Д-дун өрөөнү кыйла аралык­ка чейин Орто Орус дөңсөөсүнүн чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эң­кейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Се­верский Донец (оң). Орт. чыгымы 935 м3/сек. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрел­дин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Д. – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу Вол­га д. м-н туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи ж-а суу сактагычы, Николаев, Константинов, Ко­четов гидротүйүндөрү курулган. Балык карма­лат. Сосна д-нын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 км). Георгиу-Деж ш-нан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 км). Боюндагы негиз­ги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Вол­годонск, Ростов-на-Дону, Азов.