ДОНЕЦ ТОКОЛ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДОНЕ́Ц Т ОКОЛ ТООСУ – Ч ыгыш Европа түздүгүнүн түштүгүндөгү дөңсөө. Түн.-батыштан түш.-чыгышты карай 370 кмге созулат. Бийикт. 367 мге чейин (Бейит-Мечит чокусу). Негизинен таш көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук, аки­таш ж-а сланец тектеринен турат. Алар м-н кө­мүр кени (Дон көмүр бассейни) байланыштуу. Дарыя аралык күдүрлүү түздүктөр ж-а терең (150 мге чейин) дарыя өрөөндөрү мүнөздүү. Кал­дык дөбөлөр – «бейиттер», жалчалар кездешет. Карст кубулушу өөрчүгөн. Жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек) токой ж-а талаа өсүмдүктөрү өсөт.