ДОН ЖЫЛКЫСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОН ЖЫЛКЫСЫ – минги-чегилме жылкы породасы. Дон д-нын боюндагы талааларда илгертен эле асыралып келген. Кийинчерээк башка таза кандуу жылкылар м-н аргындаштырылып, асылдандырылган. Д. ж. абдан жотолуу. Асыл тукум айгырынын ыйык жалынга чейин 9*

бийикт. 159 см, дене уз. 160 см, көкүрөк курчамы
185 см, бутунун
жоондугу 21 см.
Өңү жээрде, айрымдары буурул. Колдон жем-чөптү кө п тал ап кылбайт; үйүрдө багылат. Климаттын катаал шартына чыдамдуу. Д. ж. минги-унаа катары ж-а ат спортунда пайдаланылат. Д. ж-нын «Зенит» деген айгыры бир суткада 311,2 км аралыкты басып өтүп, дүйн. рекорд койгон. Негизинен Россиянын Ростов обл. м-н Ставрополь крайында асыралат. Д. ж. кыргыз жаңы жылкысын чыгарууда, Кырг-ндын ¹ 54 Ысык-Көл жылкы з-дунда жерг. жылкыны асылдандырууда пайдаланылган.