ДОПИНГ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДО́ПИНГ (англ. doрing, dope – баңгизат берүү) – кабыл алганда организмдин кара күчүн артты­рып, көңүлүн көтөрүүчү фармакол. ж-а табигый заттар. Мындай абал тез болуп, кыска убакыт­ка гана созулат. Негизинен спорттук ийгилик­терди жакшыртуу үчүн спортто ж-а ветерина­рияда колдонулат. Д. байыркы заманда эле бел­гилүү болгон, ал эми 20-к-дан айрым өлкөлөрдө кесиптик спортто колдонулат. Д. кабыл алган спортчунун организми өтө тез ж-а аз убакыт-

Допингдин кеңири тараган түрлөрү.

тын ичинде адам чегине жеткен чымыркануу м-н иштейт. Бирок, бул адам ден соолугуна зыян келтирип, кээде өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Эл аралык олимпия к-ти 1967-ж. Д-ди кабыл алууга тыюу салып, эл аралык мел­дештерде Д-ге каршы көзөмөл уюштуруу ж-дө чечим кабыл алган. Эл аралык мелдештерде Д-ге каршы көзөмөлдөө комиссиясы иштеп, спортчулар текшерүүдөн баш тартышса же Д-ди колдонгону аныкталса, мелдештен четтетилет, жеңиши же рекорду эсептелбейт. Ал эми коман­далык спортто бир эле спортчунун Д-ди колдон­гону аныкталса, ошол команда утулган болуп эсептелет же дисквалификацияланат.