ДОСТОЕВСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОСТОЕ́ВСКИЙ Фёдор Михайлович [30. 10(11. 11). 1821, Москва – 28. 1(9. 2). 1881, Петербург] – орус жазуучусу, Санкт-Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1877). 1843-ж. Петербург аскер-инж. окуу жайын бүтүргөн. «Бечаралар» (1846) аттуу алгачкы романы м-н Гоголь баштаган натуралдык мектепке чебер жазуучу катары кошулган. Бул романда «кичине адамдын» социалдык трагедиясы көрсөтүлгөндүгүн В. Г. Белинский жогору баалаган. Д. «Окшош адам» (1846), «Буурул түндөр» (1848) ж-а «Неточка Незванова» (1849)
ж. б. чыгармаларында натуралдык мектептин башка өкүлдөрүнөн айырмалуу, реализмдин Д-ге гана мүнөздүү белгилери (терең психологизм, мүнөздөр м-н кырдаалдардын бөтөнчөлүгү) даана көрүнгөн. Д-дин көз карашы Белинскийдин, француз социалист-утописттеринин (айрыкча Ш. Фурьенин) демокр. ж-а соц. идеяларынын таасиринде калыптанган. 1847-ж. М. В. Петрашевскийдин коомуна кирген. 1848-жылдан Н. А. Спешнев м-н С. Ф. Дуровдун рев-ялык ийримине катышкан. Петрашевскийлердин иши б-ча айыпталып, 1849-ж. өлүм жазасына өкүм кылынган. Кийин ал өкүм 4 жылдык сүргүн м-н алмаштырылган. 1859-ж. Петербургда жашоого уруксат алган. «Абамдын түшү» (1859), «Степанчиково кыштагы жана аны жердегендер» (1859) повесттери, «Кор болуп, ыза көргөндөр» (1861) романы жарыяланган. «Азапканада жа-

зылган эскермелер» (1861–62) – Д-дин сүргүндө көргөн-билгендери ж-дөгү эң ири чыгармасы. 1860–70-жылдарда «Кылмыш жана жаза» (1866), «Кейбир» (1868), «Шайтандар» (1871–72),
«Өспүрүм» (1875) ж-а «Бир тууган Карамазовдор» (1879–80) аттуу өз доорунун эң маанилүү социалдык, моралдык, филос. маселелерин козгогон атактуу романдарын жараткан. Д-дин романдарында социалдык контрасттар ж-а орус элине мүнөздүү айкын образдардын кагылышы реалисттик маанайда чагылдырылып, коом м-н адам ортосундагы гармонияны издөө аракети, кылдат психологизм ж-а гуманизм берилет. «Жазуучунун күндөлүгү» (1873–81) ж. б. публ. чыгармалары бар. Д-дин чыг-лыгы орус ж-а дүйнөлүк ад-тка терең таасирин тийгизген.
Чыгармалары дүйнө элдеринин, а. и. кыргыз тилине да («Бечаралар», 1957; «Кор болуп ыза көргөндөр», 1960 ж. б.) которулган.