ДОСТУК МОНУМЕНТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

– кыргыз, орус элинин досту­гунун символу ка­тары тургузулган эстелик. Фрунзеде­ги борб. аянтта ачылган (1974-ж. 18-октябрь). Ав­торлору: скульп­торлор Т. Садыков, З . Хабибу лл ин,

монументалист художник С. Бакашев, арх. А. Нежурин. Д. м. кыргыз элинин өз ыктыяры м-н Россиянын курамына кошулушунун 100 жылдык юбилейинин урматына тургузулган. Бийикт. 30 м эки ак канат сымал мрамор­пилонду жезден чегилген рельеф курчап турат. Шакекчедеги тулкулардын композициясынын борборундагы эки эне орус ж-а кыргыз калкы­нын достугун мүнөздөйт.