ДӨӨЛӨС БААТЫР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДӨӨЛӨС БААТЫР , Д ө ө л ө с б а к т ы К ы л­ж ы р у у л у (16-к.) – кыргыздардын калмак­тарга каршы күрөшүндө кол баштаган баатыр; Тагай бийдин небереси, Орозбактынын бир туу­ганы (к. Бугу). Д. б-дын тукуму сарыбагыш ата­лып, анын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулу­нун, Белек Солтоноевдун ж. б. эмгектерде ай­тылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган кал­мактарга жортуул уюштуруп, алардын айыл­дарына бүлгүн салып турган. Санжырада ай­тылган маалыматтарга караганда калмактар аны айла-амал м-н колго түшүрүп, орго салып салганда, коңтаажынын Көкмончок аттуу кызы аны ордон чыгарып, турмушка чыккан. Д. б-дан Токо, Жантай, Элчибек ж-а Манап деген уул­дар тараган. Ө. Осмонов.