ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВА Тинатин (22. 7. 1952-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Торкен айылы) – биология илимд. доктору (2000), проф. (2002). Кыргыз мамл. кыз-келиндер педин-тун (1974), Кырг. ССР ИАнын Биолгия ин-тунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. Ошол эле ин-тта кичи, улук ил. кызматкер (1974–92), КАЧИде доцент, проф., кафедра башчы болуп (1992–2002) иштеген. 2002-жылдан Кыргыз-түрк «Манас» унтинин проф. КР УИАнын Биология ин-тунда микроорганизмдердин экологиясы ил.-из. тобун жетектеген (2002–08). 2008-жылдан Кыргыз-түрк Манас ун-тинде өсүмдүк коргоо бөлүмүнүн башчысы. Микробиология ж-а биотехнология б-ча адис. 160тан ашык ил. эмгектери, а. и. 4 монография, 1 окуу китеби, 7 ойлоп табуусу бар.
Эмг.: Энтомопратогендик бактериялар чакырган ооруларга карата кан соргуч эктопаразиттердин коргоо механизмдери. Б., 1997; Кристалл алып жүрүүчү энпомопатогендик бактериялар жана алардын мааниси. Б., 2001; Микробиология. Окуу китеби. Б. 2005; Топурак актиномициттери, алардын экологиясы жана биотехнологиялык касиеттери. Б., 2006; Топурактагы оор металлдар ж-а микроорганизмдердин реакциясы. Б., 2008.