ДӨРӨ АШУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДӨРӨ АШУУСУ Күнгөй Ала-Тоонун батышын­да. Дөрө суусунун башында. Бийикт. 3734 м.
Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу би­йикт. 200–300 м. Ысык-Көлдүн деңгээлинен са­лыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу нео­генге чейинки түздүктүн тектон. жарака б-ча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гра­нит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тек­теринен түзүлгөн. Түн. Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийикте мөңгү (аянты 2,4 км2) жатат. Андан башталган Дөрө суусу Чоң Кеминге куят. Ашуунун түн. бети тик, аскалуу, түштүгү аска­луу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл р-нунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы ш-нан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Ок­тябрь – май айларында ашууну кар басып, жа­былат.