ДӨШҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДӨШҮ – уста узанууга ылайыкталган чулу темир аспап. Анын үстүнкү бети жалпак, бир жагы жумуру, экинчи жагы төрт кыр учталып, дөңгөчкө бекитилет. Темир усталардын Д-сү чоң, оор, зергерлердики кичинекей, зер буюмдарын жасоого ылайыкталган. Уста металлды ысык

же муздак түрүндө Д-гө коюп кесет, көзөйт, созот, жалпайтат, түздөйт, ийет, миздейт, жумурулайт, кадайт ж. б. керектүү иштерди жасайт. Д. көөрүк очогунан анча алыс эмес жерге орнотулат, анткени ысытылган темир сууй элегинде Д-нүн үстүнө коюлушу керек. Учурда Д. м-н иштөө да механикалаштырылган. Н. Мусуралиева.