ДУАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУАЛИ́ЗМ (лат. dualis – эки ача чечим, оома) – 1) кош башаттуулук, эки жактуулук; 2) монизмдин карама-каршысы, дүйнөдө бири бирине көз карандысыз, тең укуктуу эки башталманы – рух м-н материяны бирдей даражада таанууга негизделген филос. окуу. Терминди немис философу Х. Вольф киргизген. Д-дин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири – Р. Декарт. Д. окуусу И. Канттын философиясына да мүнөздүү. Дуалисттик окуу психика-физ. параллелизм теориясынын филос. негизин түзөт.