ДУБАНАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДУБАНАЕВ Садырбек Мамбеталиевич (25. 4. 1949-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Же­ти-Өгүз айылы) – милициянын генерал-майору (1994). КРдин мад-тына эмг. сиң. ишмер. СССР ИИМдин Фрунзедеги ата­йын орто мектебин (1972), Караганды жогорку мекте­бин (1979), СССРдин ИИМ

Академиясынын жогорку курсун (1986) бүтүргөн. Эм­гек жолун 1966-ж. Бишкек­теги Ленин атн. з-ддо сле­сарь болуп иштөөдөн баш­таган. 1972–2006-ж. Каракол ш-дык и ч к и и шт ер б ө - лүмүнүн эксперти, кылмыш издөө бөлүмүнүн инспектору, улук эксперт-кри­миналист, адм. иштер б-ча начальниктин орун басары, Ак-Суу р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, начальниги, Ысык- Көл обл. ички иштер башкармалыгынын началь­нигинин орун басары, Нарын, Жалал-Абад обл. ички иштер башкармалыктарынын начальни­ги, КРдин ички иштер министринин 1-орун ба­сары, КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, КР УККнын чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары, 2006-жылдан КР чек ара кызматынын төрагасынын орун баса­ры. КРдин Мамл. гербинин авторлорунун бири. Милициянын отличниги. КРдин Жогорку Кеңе­шинин депутаты (1990–95). «Эрдик» ж. б. ме­далдары м-н сыйланган.