ДУГОВ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДУГО́В МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түн. тармагы – Коллектор тоосунун түш. капталын­дагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,5 км, аянты 4,5 км2. Исфайрам-Сай ж-а Шаймерден суулары­нын алаптарын бөлүп турган тармагынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 4000 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция аймагынын аянты 2,2 км2. 1935–73-ж. жылына 25–70 мге тартылган; ки­йин тартылуу басаңдаган. Мөңгүдөн агып чык­кан суу Арча-Конушка (Исфайрам-Сайдын оң курамы Сүрмө-Таштын алабында) оң тараптан куят.