ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУДУК-ДҮЛӨЙЛҮК – тубаса же бала чакта пайда болгон дүлөйлүктөн келип чыккан сүйлөөгө жөндөмсүздүк. Угуу органдарынын өөрчүшүндөгү бардык кемтиктер ж-а угуу жөндөмүнүн өтө ж-а туруктуу өзгөрүүлөрүнө чалдыктыруучу оорулар дудуктукка алып келет. Мээдеги угуу-сүйлөө борборунун жабыркашы да ага себеп болот. Анын тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрү кийин пайда болгонго караганда аз кездешет. Тубаса түрүнүн өнүгүшүнө ген. факторлор себеп болот. Дудук-дүлөй атаэнеден тубаса дудук-дүлөй бала, жакын туугандар үйлөнгөндө, тубаса дүлөй бала көп төрөлөрү байкалган. Тубаса дүлөйлүккө кош бойлуунун жугуштуу оору м-н оорушу, эне м-н баланын резус-факторунун айкалышпай калышы, о. эле түйүлдүк өөрчүп жатканда эне организмине кээ бир уу заттардын (алкоголь, стрептомицин ж. б.) таасиринен да болушу мүмкүн. Кийин пайда болгон Д.-д-кө балдардын жугуштуу оорулары (менингит, мээ кабыкчаларынын сезгенүүсү, пневмония, кызылча, дизентерия, скарлатина, көк жөтөл ж. б.) себеп болушу мүмкүн. Кээ бир учурда аденоиддер да угууну начарлатат. Бул учурда хирург. жол м-н дарыласа болот. Эгерде дүлөйлүк айыкпай турган болсо, баланын сүйлөөсүн өөрчүтүүгө аракет жасоо керек. Баланы 7 жашынан атайын дудук-дүлөйлөр мектебинде окутуу зарыл. Окуу м-н бирге адистикке да үйрөнөт, мектепти бүткөндөн кийин ЖОЖдо да окууга болот, о. эле к. Дүлөйлүк.