ДУДУК КАЗДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДУДУК КАЗДАР (Branta) – канаттуулардын өрдөк сымалдар тукумундагы уруусу. Башы ки­чине, кыска тумшугу ж-а таманы кара. Анын 4 түрүнүн экөө КМШ өлкөлөрүндө кездешет. К а­р а Д. к-дын салм. 2 кгга жакын. Алар Сибир­де (Ямалдан Чукоткага чейин), Түн. Америкада (Аляскадан Гренландияга чейин) уялайт. А к ж а а к Д. к. Жаңы Жер­ди н т үш. арал дарын, Шпицбергенди, Гренлан­диянын чыгыш бөлүгүн мекендейт. К а н а д а Д. к-нын салм. 1,5–8 кг,

Дудук каздар: 1 – эркеги; 2 – ургаачысы.

Түн.-Батыш Америкада жашайт. К ы з ы л­т ө ш Д. к. Обь д-нан Хатангага чейин тарал­ган. Көбүнчө суу өсүмдүктөрү м-н азыктанат. Алардын 1 түрү ж-а 1 түрчөсү ТКЭСтин кызыл китебине катталган.