ДУЛАТОВА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУЛАТОВА Гүлшара (15. 4. 1930, Чүй обл., Токмок – 1. 3. 2009, Бишкек) – Кыргыз ССР эл арт. (1977). 1946–48-ж. Токтогул Сатылганов атн. Кыргыз мамл. филармониясынын хорунда ыр-

чы. А. Островский атн. Ташкент мамл. театр өнөр инту нун акт ёрду к бөлүмүн бүтүргөндөн (1953) Кыргыз мамл. акад. драма театрынын артисти. Д. – ар түрдүү драмалык, трагедиялык ж-а сатиралык каармандардын образдарын чебер түзө алган кеңири диапазондуу актёр. Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык роль аткарган. Негизги ролдору: Канышай (К. Эшмамбетов, «Эгиз бала»), Галчиха (А. Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Долли (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Сахно (А. Софронов, «Ашпозчу аял»), Зуура (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»), Наргүл (Т. Абдумомунов, «Каркыралар кайтканда»), Гүлбара (М. Байжиев, «Балдар бойго жеткенде»), Клея (Г. Фигейредо, «Эзоп»), Кей (М. Каоуру, «Уурдалган өмүр»), Эне (К. Чапек, «Эне»),

Тангабике (М. Карим, «Ай тутулган түндө»), Айша апа (Ч. Айтматов, К. Му х амед жанов , «Фу дзия мадагы кадыр түн»), Чыйырды (Ж. Садыков, «Айкөл Манас»,) Канышай (Ж. Садыков, «Сейтек»), Толгонай (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу») ж. б. Эл Достугу ордени, медалдар м-н сыйланган.