ДУНГАН МУЗЫКАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУНГАН МУЗЫКАСЫ – дунган калкынын музыкасы. Д. м. бир үндүүлүгү, шаттуулугу, обондуулугу, ыргагынын ж-а өлчөмүнүн эркиндиги м-н айырмаланат. Элдик муз. аспаптары: михузы, эрхузы, сыхузы (кыл аспап), «ди», «щё» (үйлөмө аспап), санщянцзы, пиба, ёнчин, кучянзы (чертме аспап), вазы (урма аспап). Ырчылар муз. аспаптын коштоосу м-н аткарат.
Дунгандар ырды эне тилинин фонет. өзгөчөлүгүнө байланыштуу басыңкы үн м-н ырдайт.
«Нанчо данфи», «Мынчжано» сыяктуу эски ырлары бүгүнкү күнгө чейин ырдалат. Октябрь рев-ясынан мурун Пишпек уездинде Щинин Гасыр, Ля Ягэзы, Янсуй, Исмаз, Чжупи Давуз сыяктуу аспаптык музыканы мыкты аткаруучулар болгон. Чжан Сумаз бир нече аспапта ойногон. Анын баласы Чжан Гашим Кыргыз мамл. филармониясындагы дунган ансамблине жетекчилик кылган. 1930-ж. Алматыда муз. аспаптын
чебер аткаруучусу Машанло Сыдзюзынын ысмы белгилүү. Кырг-н (Кыргыз ССР эл арт. Х. Мухтаров) м-н Казакстанда (СССР комп. союзунун мүчөсү, Алматы консерваториясынын доценти Б. Баякунов ж. б.) муз. жогорку билими бар бир катар профессионал музыканттар иштешкен. Респ-дагы дунган калкынын туңгуч композитору, КРдин эл арт. Есен Исмаилов «Чунтян»,
«Есен-Д» эстрадалык топторун жетектеп, ырларын тартуулап келүүдө.