ДУЭРО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУЭ′ РО (португалча Douro, испанча Duero; кельт тилинде dur – дарыя, суз) – Пиреней ж. а-ндагы дарыя. Испания м-н Португалияда. Уз. 925 км, алабынын аянты 95 миң км2дей. Иберия тоолорунан башталып, Эски Кастилия бөксө тоосун кесип өтөт. Деңиз боюндагы ойдуңду көздөй агып, каньонду пайда кылып, Атлантика океанына куят. Орт. чыгымы 700 м3/сек (Пиреней ж. а-ндагы суусу эң мол дарыя), кышында, жазында кирет. Суу сактагыч, ГЭС бар. Чатынан 200 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Жээгинде Сория, Самора (Испания), Порту (Португалия) ж. б. шаарлар жайгашкан.