ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ (картинасы) – дүйнө ж-дөгү ил. изилдөөлөрдүн негизинде түзүлгөн, ырасталган туташ элеси; жаратылыштын жалпы касиеттери ж-а алардын өнүгүп-өсүү закон ченемдүүлүктөрү туурасында табият таануунун негизги ил. түшүнүктөрүн, принциптерин жалпылоо ж-а синтездөөдөн алынган системасынын сүрөттөмөсү же ил. мүнөздөмөсү. 16–17-к-да табият таануунун ил.-теор. бөлүгү кеңири кулач жайып, ары тереңдеп өнүккөн доордон тартып, дүнүйө сыпаттамасынын атайын ил.
түшүнүгү ж-а ил. термини калыптана баштайт. 20-к-дын ил. табият таануусунда дүйнөнүн физ. сыпаттамасы да мына ошондой көч башындагы орунда турса, 21-к-дын башында Д. и. с-нын бет ачар өңүтүн маалыматтык сыпаттама ээледи. Д. и. с. илимге чейинки же ил. эмес (мис., динчил) сыпаттан айырмасы – ал белгилүү бир фундаменталдык ил. теорияга (же теорияларга) негизделет. Мис., 17–19-к-дагы окумуштуулар дүйнөнүн физ. сыпаттамасын классикалык механика теориясынын базасында түзүшкөн. Азыркы учурдагы Д. и. с-нын өзөгүн кванттык механика, салыштырмалуулук (атайын ж-а жалпы) теориялары түзөт.