ДҮЙШАЛИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДҮЙШАЛИЕВ Камчыбек (3. 3. 1944-ж. т., Ысык- Көл обл., Тоң р-ну, Бөкөнбаев айылы) – музыка таануучу, иск-во таануу илимд. доктору (1991), проф., КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (1993). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайын (1964), Курмангазы атн. Алматы консерваториясынын тарых-теория ф-тин (1970) бүтүргөн. Д. кыргыз музыкасынын теор. негиздерин иликтеп чыккан, музыка таануунун түрдүү жанры б-ча адис. Анын «Киргизская народная песня» (М., 1982), «Композиторы Киргизии» (авторлош, 1984), «О киргизской народной музыке» (1984), «От съезда к съезду» (1986), «Песенная культура кыргызского народа» (1993), «Кыргызское народное музыкальное творчество» (Е. Лузанова м-н бирге, 1999), «Кыргыз композиторлорунун вокалдык чыгармачылыгы» (2002) аттуу китептери, кыргыз музыкасы ж-а музыканттары ж-дөгү көптөгөн ил. макалалары жарык көргөн.