ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДҮКӨНӨК МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 5,3 км2. Каравшин суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4930 м, этеги 3480 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3888 м. Абляция облусунун аянты 1,6 км2. Фирн облусу кырка тоонун дого сымал ийилген кыры м-н чектелген жазы төрдү ээлейт. Мөңгүдөн Орто-Чачма суусунун (Каравшиндин сол куймасы) башаты – Дүкөнөк суусу башталат.