ДЮФУР ЭФФЕКТИСИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДЮФУ́Р ЭФФЕКТИСИ – темп-расы бирдей бол­гон бир-бири м-н хим. реакцияга катышпаган 2 газды диффузиялык жол м-н аралаштырган­да темп-раларынын бирдей эмес болуу процес­си; термодиффузияга тескери кубулуш. Д. э-нде газдарда темп-ранын айырмасы бир нече К (мис., суутек м-н азотту аралаштырганда), ал эми суюктуктарда ~10–3К. Темп-ра айырмасынын сакталышы концент. градиентине көз каранды. 1873-ж. швейц. физик Л. Дюфур ачкан.