ДОБАЕВ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary Белгилер: Manual revert Көрсөтмөлүү оңдоо |
||
6 сап: | 6 сап: | ||
Б.Сурапбаева | Б.Сурапбаева | ||
[[Категория: | [[Категория:Олуттуу түрдө өзгөргөн макалалар]] |
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОБАЕВ Кыргызбай Дүйшенбекович (15. 9. 1954- жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Соколовка айылы) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (1999), профессор (2003).

Москвадагы В. И. Ленин атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин филология факультетин бүтүргөн (1980). Москва шаарындагы Россиянын билим берүү академиясынын аспирантура бөлүмүн аяктаган (1987). Москва шаарында педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясын коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий наамына ээ болгон. (1987) ЫМУда окутуучу, кафедра башчысы, декан (1980–2001), КУУнун окуу бөлүмүнүн башчысы, илимий иштер боюнча проректор болуп эмгектенген. (2001–2003). Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын (КГЮА) окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысынын кызматында эмгектенген. (2003-2004). Билим берүүдөгү стратегиялык жана информациялык технология институтунун (ИСИТО) окуу иштери боюнча проректорунун кызматында эмгектенген. (2004-2009). 2005-жылдан азыркы мезгилге чейин Кыргыз билим берүү академиясынын “Педогогикалык илимдер жана кесиптик билим берүү” борборунун директору болуп эмгектенет.
Эмг.: Мектептеги азыркы инновациялык технологиялар Б., 1977; Кыргыз тилин өзгө тил катары окутуунун усулу. Б., 1993; Билим берүү процессиндеги интерактивдүү окутуу. Б., 1999; Кыргыз тилинин лексикалык минимум-сөздүгү. Б., 1991; Кыргыз тили орус группалары үчүн. Б., 1993.
Б.Сурапбаева