ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР''' – мектеп жашы­на чейинки | '''ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР''' – мектеп жашы­на чейинки жана кенже окуучулар үчүн таалим­ тарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Дидактикалык оюндар окуучулардын сезимталдыгын, байкагыч­тыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, сүйлөө речин, айлана-чөйрөгө болгон элес­тетүүсүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жай­гашышына болгон) өстүрөт. Адеп-ахлактык тарбияда да мааниси чоң, анткени окуучулар­дагы чыдамкайлыктын, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнүн, коллективизм сезими­нин өсүүсүнө таасир берүү менен, жүрүм-турум нор­маларына ылайык өзүн алып жүрүү адаттарын калыптандырат. Мында атайын жасалган оюн­чуктар колдонулат (лото, сүрөт, кубик ж. б.). Ошондой эле сөз м-н ойнолгон оюндар (мисалы, табышмактар, үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу оюндар ж. б.) да болот. Дидактикалык оюндарда турмушта колдонулган ар кандай буюмдарды жана жаратылыш мате­риалдарын да (топчу, таш ж. б.) колдонууга бо­лот. Дидактикалык оюндар өзгөчө бала бакчада окутуунун эң маа­нилүү каражаты болуп эсептелет ж-а балдар­дын ар кандай курактагы топторуна карата түзүлгөн программа боюнча өтүлөт. | ||
үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу оюндар ж. б.) да болот. | |||
''М.Усупова.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
00:44, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР – мектеп жашына чейинки жана кенже окуучулар үчүн таалим тарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Дидактикалык оюндар окуучулардын сезимталдыгын, байкагычтыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, сүйлөө речин, айлана-чөйрөгө болгон элестетүүсүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жайгашышына болгон) өстүрөт. Адеп-ахлактык тарбияда да мааниси чоң, анткени окуучулардагы чыдамкайлыктын, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнүн, коллективизм сезиминин өсүүсүнө таасир берүү менен, жүрүм-турум нормаларына ылайык өзүн алып жүрүү адаттарын калыптандырат. Мында атайын жасалган оюнчуктар колдонулат (лото, сүрөт, кубик ж. б.). Ошондой эле сөз м-н ойнолгон оюндар (мисалы, табышмактар, үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу оюндар ж. б.) да болот. Дидактикалык оюндарда турмушта колдонулган ар кандай буюмдарды жана жаратылыш материалдарын да (топчу, таш ж. б.) колдонууга болот. Дидактикалык оюндар өзгөчө бала бакчада окутуунун эң маанилүү каражаты болуп эсептелет ж-а балдардын ар кандай курактагы топторуна карата түзүлгөн программа боюнча өтүлөт.
М.Усупова.