ДИДИЭСЫ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИДИЭСЫ''' Наньчжу – кытай жылнаамала­рында эскерилген кыргыз элчисинин аты. 843- жылдын 8-айында (29-август–27-сентябрь) ас­кер башчы | '''ДИДИЭСЫ''' '''Наньчжу''' – кытай жылнаамала­рында эскерилген кыргыз элчисинин аты. 843- жылдын 8-айында (29-август–27-сентябрь) ас­кер башчы Дидиэсы кыргыз каганынын атынан Тан империясынын (б. з. 7–10-кылымдарда Кытайдагы ири мамлекеттин аталышы) императору Уцзундун кабыл алуусунда болгон. Элчи кыргыз каганы­нын расмий катын тапшырып, белек катары эки ак боз аргымак тартуу кылган. Жооп ка­тында Тан династиясынын императору кыргыз каганынын элчисин расмий деңгээлде өтө жо­гору даражадагы урмат-сый м-н үч ирет кабыл алгандыгын ж-а душмандары м-н мурунку биргелешкен күрөштү уланта берерин билдир­ген. Ошондой эле Борбордук Азия ж-а ага жамаатташ чөл­көмдөгү чек ара коопсуздугуна күч-кубаттуу кыр­гыз кагандыгы тынчтыктын тиреги боло тур­гандыгы айтылган. | ||
''О. Каратаев.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
03:18, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИДИЭСЫ Наньчжу – кытай жылнаамаларында эскерилген кыргыз элчисинин аты. 843- жылдын 8-айында (29-август–27-сентябрь) аскер башчы Дидиэсы кыргыз каганынын атынан Тан империясынын (б. з. 7–10-кылымдарда Кытайдагы ири мамлекеттин аталышы) императору Уцзундун кабыл алуусунда болгон. Элчи кыргыз каганынын расмий катын тапшырып, белек катары эки ак боз аргымак тартуу кылган. Жооп катында Тан династиясынын императору кыргыз каганынын элчисин расмий деңгээлде өтө жогору даражадагы урмат-сый м-н үч ирет кабыл алгандыгын ж-а душмандары м-н мурунку биргелешкен күрөштү уланта берерин билдирген. Ошондой эле Борбордук Азия ж-а ага жамаатташ чөлкөмдөгү чек ара коопсуздугуна күч-кубаттуу кыргыз кагандыгы тынчтыктын тиреги боло тургандыгы айтылган.
О. Каратаев.