ДИНА: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИ́НА''' Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңы­кала | '''ДИ́НА''' Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңы­кала району – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак маданиятынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл артисти (1944). Дина 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы менен жо­лугушуусу (1870) чыгармачылык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Динанын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кы­лып алат. Дина устатынан күүчүлүк-аткаруучулук | ||
өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин | өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Динанын домб­рачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чы­гара баштайт. Динанын алгачкы «Булбул», «Бай­жума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Динанын чыгармачылыгы­нын такшалышы, күүчүлүк,­ аткаруучулук өнөрүнүн өр­күндөшү совет дооруна туш келди. | ||
өздөштүрүп, мектебинен өтүү | |||
[[File:ДИНА5.png | thumb | none]] | [[File:ДИНА5.png | thumb | none]]1937-жылы Элдик өнөр­поздордун республикалык кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-жылы Москвада өткөн элдик му­зыка аспаптарында атка­руучулардын бүткүл союздук кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбы­лы» аталган. | ||
Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыр­гактуу «Булбулу» менен «Асем коңуру» – жагым­дуу үн, терең мазмун менен жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мез­гил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим менен күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» жана башкалар). Курмангазынын, Дав­леткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы би­йиктикке көтөрдү. Анын чыгармачылыгы, чеберчили­ги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсал­дин жана башка изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергенов­дун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптө­гөн эмгектер жаралды. Динанын аты музыкалык мектеп­терге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар ара­сында Дина атындагы «Булбул домбра» аттуу республикалык ка­роо өткөрүлөт. Дина эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. | |||
кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбы­лы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыр­гактуу «Булбулу» | |||
«Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», | |||
«Эмгек баатыры» | |||
Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; ''Жубанов А.'' Гасырлар пернеси (Кылымдар кы­лы). А.-А., 1975; ''Ахметова М., Ерзакович Б., Жуба­нов А.'' Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975. ''Ч. Жумагулов.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
04:57, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИ́НА Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңыкала району – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак маданиятынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл артисти (1944). Дина 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы менен жолугушуусу (1870) чыгармачылык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Динанын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кылып алат. Дина устатынан күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Динанын домбрачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чыгара баштайт. Динанын алгачкы «Булбул», «Байжума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Динанын чыгармачылыгынын такшалышы, күүчүлүк, аткаруучулук өнөрүнүн өркүндөшү совет дооруна туш келди.

1937-жылы Элдик өнөрпоздордун республикалык кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-жылы Москвада өткөн элдик музыка аспаптарында аткаруучулардын бүткүл союздук кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбылы» аталган.
Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыргактуу «Булбулу» менен «Асем коңуру» – жагымдуу үн, терең мазмун менен жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мезгил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим менен күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» жана башкалар). Курмангазынын, Давлеткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы бийиктикке көтөрдү. Анын чыгармачылыгы, чеберчилиги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсалдин жана башка изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергеновдун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптөгөн эмгектер жаралды. Динанын аты музыкалык мектептерге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар арасында Дина атындагы «Булбул домбра» аттуу республикалык кароо өткөрүлөт. Дина эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; Жубанов А. Гасырлар пернеси (Кылымдар кылы). А.-А., 1975; Ахметова М., Ерзакович Б., Жубанов А. Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975. Ч. Жумагулов.