ДИККЕНС: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИ́ККЕНС''' Чарлз (7. 2. 1812, Улуу Британия, | '''ДИ́ККЕНС''' '''Чарлз''' (7. 2. 1812, Улуу Британия, Лендпорт – 9. 6. 1870, Гейдсхилл) – англиялык жазуу­чу. Туңгуч чыгармасы – «Боздун очерктери» (1836). 1837-жылы Диккенс «Пиквик клубунун жазмала­ры» аттуу роман жазган. Адегенде реалисттик сатира жазууга аракеттенсе, кийин сынчыл ре­ализм жолуна өткөн. «Оливер Твисттин укмуш­туу окуялары» (1838) аттуу романында кедей­-кембагалдын, жумушсуздардын ачкадан өлүшүн баяндаган. Бирок роман «кайрымдуу» капита­листтердин жеңиши м-н аяктаган. «Николас Никльбинин өмүрү жана жоруктары» (1830) романында мектеп окуучуларын тарбиялоонун зулумчул ыкмаларын ашке­релеген. «Мартин Чезлвит» (1844) романында Түштүк Аме­рикада залимдердин негр­лерди кул кылышын, буржуазиялык коомчулукту сынга алган. | ||
Лендпорт – 9. 6. 1870, Гейдсхилл) – | |||
зулумчул ыкмаларын ашке­релеген. «Мартин Чезлвит» (1844) романында | |||
[[File:ДИККЕНС4.png | thumb | none]] | [[File:ДИККЕНС4.png | thumb | none]] | ||
«Домби жана уулу» (1848), | «Домби жана уулу» (1848), «Дэвид Копперфилд» (1850) романдары м-н Диккенс реалист­тик чыгармачылыктын айдың жолуна түшкөн. Улуу Бри­танияда чартисттер кыймылы басылгандан ки­йин 1848-жылдан авантюралык романдан со­циалдык проблемалуу роман жазууга өткөн. Мисалы, «Муздак үй» (1853) романында окуя көп жылдык сот ишинин тегерегинде өтөт. Чыгар­маларында («Кыйын кезеңдер», 1854, «Кичине­кей Доррит», 1857) эзилген эл таламын талаш­кан. Улуу француз революциясына арналган «Эки шаар жөнүндө баян» (1859) романы Диккенстин чыг­армачылыгында көрүнүктүү орун ээлеген. Диккенстин акыр­кы романдары: «Чоң үмүттөр» (1861), «Барды­гыбыздын досубуз» (1865), «Эдвин Друддун сыры» (1870) деген чыгармалары курч окуялуу жанрга жакын. «Дэвид Копперфилд» (1850) ро­маны өмүр баяндык белгилерге ээ. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
«Дэвид Копперфилд» (1850) романдары м-н | |||
05:27, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИ́ККЕНС Чарлз (7. 2. 1812, Улуу Британия, Лендпорт – 9. 6. 1870, Гейдсхилл) – англиялык жазуучу. Туңгуч чыгармасы – «Боздун очерктери» (1836). 1837-жылы Диккенс «Пиквик клубунун жазмалары» аттуу роман жазган. Адегенде реалисттик сатира жазууга аракеттенсе, кийин сынчыл реализм жолуна өткөн. «Оливер Твисттин укмуштуу окуялары» (1838) аттуу романында кедей-кембагалдын, жумушсуздардын ачкадан өлүшүн баяндаган. Бирок роман «кайрымдуу» капиталисттердин жеңиши м-н аяктаган. «Николас Никльбинин өмүрү жана жоруктары» (1830) романында мектеп окуучуларын тарбиялоонун зулумчул ыкмаларын ашкерелеген. «Мартин Чезлвит» (1844) романында Түштүк Америкада залимдердин негрлерди кул кылышын, буржуазиялык коомчулукту сынга алган.

«Домби жана уулу» (1848), «Дэвид Копперфилд» (1850) романдары м-н Диккенс реалисттик чыгармачылыктын айдың жолуна түшкөн. Улуу Британияда чартисттер кыймылы басылгандан кийин 1848-жылдан авантюралык романдан социалдык проблемалуу роман жазууга өткөн. Мисалы, «Муздак үй» (1853) романында окуя көп жылдык сот ишинин тегерегинде өтөт. Чыгармаларында («Кыйын кезеңдер», 1854, «Кичинекей Доррит», 1857) эзилген эл таламын талашкан. Улуу француз революциясына арналган «Эки шаар жөнүндө баян» (1859) романы Диккенстин чыгармачылыгында көрүнүктүү орун ээлеген. Диккенстин акыркы романдары: «Чоң үмүттөр» (1861), «Бардыгыбыздын досубуз» (1865), «Эдвин Друддун сыры» (1870) деген чыгармалары курч окуялуу жанрга жакын. «Дэвид Копперфилд» (1850) романы өмүр баяндык белгилерге ээ.