ДИКТАНТ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИКТА́НТ''' , ж а т ж а з у у – окуучуларды ада­бий тилдин жазуу түрүнө үйрөтүү үчүн эреже катары пайдаланылган көнүгүүлөр тиби; көбүн­чө орфографияны ж-а пунктуацияны окутууда окуучуларды сабаттуу жазууга жатыктыруу, билимин текшерүү ж-а бекемдөө үчүн колдону­луучу жазуу иштеринин бир түрү. | '''ДИКТА́НТ''' , ж а т ж а з у у – окуучуларды ада­бий тилдин жазуу түрүнө үйрөтүү үчүн эреже катары пайдаланылган көнүгүүлөр тиби; көбүн­чө орфографияны ж-а пунктуацияны окутууда окуучуларды сабаттуу жазууга жатыктыруу, билимин текшерүү ж-а бекемдөө үчүн колдону­луучу жазуу иштеринин бир түрү. Диктант үн чыга­рып окуудан ж-а аларды окуучулардын көчүрүп жазуусунан турат. Окулуп жаткан тексттин жазылышына карай Диктант түр өзгөртүүчү, танда­лып алынуучу, чыгармачылык, эркин болуп бөлүнөт. Милдети боюнча үйрөтүүчү, эскертмелүү, коммен­тарийлөөчү түшүндүрүүчү сөздүк ж-а текшерүүчү Диктант болуп бөлүнөт. Диктанттын түрүн тандап алуу тил­дик материалдарды изилдөөдөгү өзгөчөлүктөргө жараша аныкталат. Диктанттын атайын түрлөрү баш­ка окуу предметтерин (мисалы, чет тилде, матема­тика, география, тарых, музыкалык мектепте сольфед­жио) окутууда да колдонулат. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
05:39, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИКТА́НТ , ж а т ж а з у у – окуучуларды адабий тилдин жазуу түрүнө үйрөтүү үчүн эреже катары пайдаланылган көнүгүүлөр тиби; көбүнчө орфографияны ж-а пунктуацияны окутууда окуучуларды сабаттуу жазууга жатыктыруу, билимин текшерүү ж-а бекемдөө үчүн колдонулуучу жазуу иштеринин бир түрү. Диктант үн чыгарып окуудан ж-а аларды окуучулардын көчүрүп жазуусунан турат. Окулуп жаткан тексттин жазылышына карай Диктант түр өзгөртүүчү, тандалып алынуучу, чыгармачылык, эркин болуп бөлүнөт. Милдети боюнча үйрөтүүчү, эскертмелүү, комментарийлөөчү түшүндүрүүчү сөздүк ж-а текшерүүчү Диктант болуп бөлүнөт. Диктанттын түрүн тандап алуу тилдик материалдарды изилдөөдөгү өзгөчөлүктөргө жараша аныкталат. Диктанттын атайын түрлөрү башка окуу предметтерин (мисалы, чет тилде, математика, география, тарых, музыкалык мектепте сольфеджио) окутууда да колдонулат.