ДЕКАЛИН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕКАЛИ́Н''' , д е к а г и д р о н а ф т а л и н, С Н – кескин жыттуу, түссүз суюктук. Молекулалык салмагы 135,25. Декалин циклдердин өз ара жайланышы м-н айырмаланган цис­ж-а транс-изомерлерден ту­рат. Цис-формасы 43,3°Сде эрип, 194,6°Сде кай­найт; транс-формасы 31,5°Сде | '''ДЕКАЛИ́Н''' , д е к а г и д р о н а ф т а л и н, С Н – кескин жыттуу, түссүз суюктук. Молекулалык салмагы 135,25. Декалин циклдердин өз ара жайланышы м-н айырмаланган цис­ ж-а транс-изомерлерден ту­рат. Цис-формасы 43,3°Сде эрип, 194,6°Сде кай­найт; транс-формасы 31,5°Сде балкып эрип, 185,5°Сде кайнайт. Транс-декалин бир кыйла туруктуу. Техни­када декалиндин 60% цис-, 40% транс-формада бо­лот. Декалин сууда эрибейт; муздак ж-а ысытылган уксус кислотасында, метил ж-а этил спирттеринде начар, эфирде, хлороформдо жакшы ээрийт. Декалин ж-а анын гомологдору нефтинин курамында кездешет. Өндүрүштө декалин изомерлердин аралаш­масы түрүндө нафталинди Ni, Pt MoS<sub>3 </sub>м-н 100–400°Сде катализдик гидрогендөө м-н алынат. Кадимки температурада суусуз АlCl<sub>3</sub>түн катышуусун­да цис-декалин транс-декалинге айланат. Көпчүлүк органикалык би­рикмелер ж-а полимерлер үчүн жакшы эриткич. Ал күйүүчү майлардын аралашмасын, лак, жа­салма чайыр алууда колдонулат. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
05:46, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕКАЛИ́Н , д е к а г и д р о н а ф т а л и н, С Н – кескин жыттуу, түссүз суюктук. Молекулалык салмагы 135,25. Декалин циклдердин өз ара жайланышы м-н айырмаланган цис ж-а транс-изомерлерден турат. Цис-формасы 43,3°Сде эрип, 194,6°Сде кайнайт; транс-формасы 31,5°Сде балкып эрип, 185,5°Сде кайнайт. Транс-декалин бир кыйла туруктуу. Техникада декалиндин 60% цис-, 40% транс-формада болот. Декалин сууда эрибейт; муздак ж-а ысытылган уксус кислотасында, метил ж-а этил спирттеринде начар, эфирде, хлороформдо жакшы ээрийт. Декалин ж-а анын гомологдору нефтинин курамында кездешет. Өндүрүштө декалин изомерлердин аралашмасы түрүндө нафталинди Ni, Pt MoS3 м-н 100–400°Сде катализдик гидрогендөө м-н алынат. Кадимки температурада суусуз АlCl3түн катышуусунда цис-декалин транс-декалинге айланат. Көпчүлүк органикалык бирикмелер ж-а полимерлер үчүн жакшы эриткич. Ал күйүүчү майлардын аралашмасын, лак, жасалма чайыр алууда колдонулат.