ДЕНИСОВ Василий Федорович: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Dilde moved page ДЕНИСОВ to ДЕНИСОВ Василий Федорович) |
(Айырма жок)
|
09:42, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДЕНИ́СОВ Василий Фёдорович (1903, РФ, Оренбург – 1969, Фрунзе) – генетик, айыл чарба илимдеринин доктору (1957), профессор (1958). 1926-жылы Оренбург айыл чарба техникумун, 1931-жылы Ташкенттеги Орто Азия зооветеринардык институтун бүткөн. 1933-жылдан Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери, институттагы бодо мал бөлүмүнө башчы, 1955– 69-жылдарда КАЧИнин мал түрү боюнча зоотехния кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Мал генетикасы ж-а аргындаштыруу боюнча илимий эмгектери бар. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.