ДИСАХАРИДДЕР: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИСАХАРИДДЕР''' , б и о з а л а р – молекула­сында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углевод­дор. | '''ДИСАХАРИДДЕР''' , б и о з а л а р – молекула­сында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углевод­дор. Дисахариддер кислоталардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк Дисахариддердин курамына гексоза ж-а пентоза кирет. Дисахариддерди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидрокис тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Калы­бына келүүчү (мальтоза, лактоза, целлобиоза) ж-а калыбына келбөөчү болуп 2 топко бөлүнөт. Булардын касиети моносахариддерге окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү ­калыбына келүү реакцияларына кирет. Калы­бына келбөөчү Дисахариддер (трегалоза, сахароза) эки моно­сахариддин тең жарым ацеталдык топтору гли­козиддик байланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кир­бейт. Дисахариддер жаратылыш продуктуларынан, мисалы, сахароза – кызылчадан, лактоза – сүттөн ж. б. алынат. Көпчүлүк Дисахариддер полисахариддерди, олиго­сахариддерди толук эмес гидролиздөөдө пайда болот, мисалы, крахмалды ж-а гликогенди фер­менттик жол м-н гидролиздөөдөн мальтоза, цел­люлозадан целлобиоза ж. б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза тамак-аш өнөр жайында ж-а ме­дицинада колдонулат. | ||
Ад.: Химия углеводов. М., 1967; ''Адылов С. А., Аса­нов Ү. А.'' Органикалык химия курсу. Б., 2003. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | Ад.: Химия углеводов. М., 1967; ''Адылов С. А., Аса­нов Ү. А.'' Органикалык химия курсу. Б., 2003. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
09:18, 8 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДИСАХАРИДДЕР , б и о з а л а р – молекуласында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углеводдор. Дисахариддер кислоталардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк Дисахариддердин курамына гексоза ж-а пентоза кирет. Дисахариддерди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидрокис тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Калыбына келүүчү (мальтоза, лактоза, целлобиоза) ж-а калыбына келбөөчү болуп 2 топко бөлүнөт. Булардын касиети моносахариддерге окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү калыбына келүү реакцияларына кирет. Калыбына келбөөчү Дисахариддер (трегалоза, сахароза) эки моносахариддин тең жарым ацеталдык топтору гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кирбейт. Дисахариддер жаратылыш продуктуларынан, мисалы, сахароза – кызылчадан, лактоза – сүттөн ж. б. алынат. Көпчүлүк Дисахариддер полисахариддерди, олигосахариддерди толук эмес гидролиздөөдө пайда болот, мисалы, крахмалды ж-а гликогенди ферменттик жол м-н гидролиздөөдөн мальтоза, целлюлозадан целлобиоза ж. б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза тамак-аш өнөр жайында ж-а медицинада колдонулат.
Ад.: Химия углеводов. М., 1967; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.