ДЕӉИЗ ФЛОРАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДЕӉИЗ ФЛОРАСЫ''' , д е ӊ и з | '''ДЕӉИЗ ФЛОРАСЫ''' , д е ӊ и з ө с ү м д ү к т ө р д ү й н ө с ү –деӊиз же океанда өсүүчү өсүмдүктөр (балырлар, чөптөр, мангр дарактары ж-а бадал­дар, бактериялар ж-а бир аз козу карындар) жыйындысы. Деӊиздин, көбүнчө күн жарыгы жетүүчү 100–400 ''м'' тереӊдигине чейин (''фотосин­тез'' жүрө турган) балырлар көп кезигет. Алар­дын микроскоптук түрлөрү суунун бетинде (''планктон''), ири түрлөрү суунун түбүндө (бен­тос) өсөт. Деңиз флорасынын тик ж-а горизонталдык та­ралуусу күн радиациясынын көлөмүнө жара­ша болот. Деӊиз же океандын жээкке жакын жеринде деңиз флорасы климаттык ж-а локалдык фак­торлорго, атап айтканда биогендүү элементтердин саны­на, суу температурасына, туздуулугуна ж-а тунук­тугуна, топурактын түзүлүшүнө, жээктин кор­голушуна, тереӊдикке жараша таралат. Ири деӊиз балырлары (жашыл, күрөӊ, кызыл) – мак­рофиттер деӊиздин салыштырмалуу жээкке жакын ичке тилкесинен орун алып, деӊиздин ташкындоо, тартылуу аймагындагысы л и т о ­р а л д а р, ал эми суу жайпаган жердегиси с у п р а л и т о р а л д а р деп аталат. Макро­фиттер ламинарий ж-а фукус балырларынан (алария, эклания, саргасстар ж. б.) турган суу алды токойлорду пайда кылат. Бир ж-а көп клеткалуу деӊиз балырлары сыртынан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдү элестетип өсөт. Балыр­лар, демейде, суу түбүнө ризоиддери м-н бекип, чанда кумдуу ж-а баткактуу деӊиз түбүндө кал­кып өсөт. Балырлар деӊиз түбүндөгү органикалык заттар­дын негизги жараткычы, алар жылына 10<sup>11 </sup>тонна органикалык зат пайда кылат. Ири балырлардын ара­сында көптөгөн омурткасыздар ж-а балыктар (айрыкча алардын тукуму) жашайт, алар м-н азыктанат. Суудагы тиричилик жалпысынан ба­лырларга байланыштуу. Алар деӊиз суусунда­гы өтө аз айрым микроэлементтерди өзүнө топ­тойт. Деңиз флорасына татаал өсүмдүктөрдөн негизинен рдесттер ж-а водокрастар тукумунун өкүлдөрү мүнөздүү. Чөп өсүмдүктөрү (50дөй түрү) негизи­нен 100 ''м'' суу түбүндө кадимкидей шалбааны пайда кылат. Айрыкча зостера, посейдония, талассия ж. б. кезигет. Дүйнөлүк океандагы деңиз флорасынан жылына болжол м-н 550 млрд тоннага жакын азык ж-а техникалык продукция алынат. Алар медицинада, тамак-аш, текстиль, тери иштетүү ж-а нефть иштетүү өнөр жайында колдонулат. | ||
органикалык зат пайда кылат. Ири балырлардын ара­сында көптөгөн омурткасыздар ж-а балыктар (айрыкча алардын тукуму) жашайт, алар м-н азыктанат. Суудагы тиричилик жалпысынан ба­лырларга байланыштуу. Алар деӊиз суусунда­гы өтө аз айрым микроэлементтерди өзүнө топ­тойт. Деңиз флорасына татаал өсүмдүктөрдөн негизинен рдесттер ж-а водокрастар тукумунун өкүлдөрү мүнөздүү. Чөп өсүмдүктөрү (50дөй түрү) негизи­нен 100 ''м'' суу түбүндө кадимкидей шалбааны пайда кылат. Айрыкча зостера, посейдония, талассия ж. б. кезигет. Дүйнөлүк океандагы | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
03:32, 9 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДЕӉИЗ ФЛОРАСЫ , д е ӊ и з ө с ү м д ү к т ө р д ү й н ө с ү –деӊиз же океанда өсүүчү өсүмдүктөр (балырлар, чөптөр, мангр дарактары ж-а бадалдар, бактериялар ж-а бир аз козу карындар) жыйындысы. Деӊиздин, көбүнчө күн жарыгы жетүүчү 100–400 м тереӊдигине чейин (фотосинтез жүрө турган) балырлар көп кезигет. Алардын микроскоптук түрлөрү суунун бетинде (планктон), ири түрлөрү суунун түбүндө (бентос) өсөт. Деңиз флорасынын тик ж-а горизонталдык таралуусу күн радиациясынын көлөмүнө жараша болот. Деӊиз же океандын жээкке жакын жеринде деңиз флорасы климаттык ж-а локалдык факторлорго, атап айтканда биогендүү элементтердин санына, суу температурасына, туздуулугуна ж-а тунуктугуна, топурактын түзүлүшүнө, жээктин корголушуна, тереӊдикке жараша таралат. Ири деӊиз балырлары (жашыл, күрөӊ, кызыл) – макрофиттер деӊиздин салыштырмалуу жээкке жакын ичке тилкесинен орун алып, деӊиздин ташкындоо, тартылуу аймагындагысы л и т о р а л д а р, ал эми суу жайпаган жердегиси с у п р а л и т о р а л д а р деп аталат. Макрофиттер ламинарий ж-а фукус балырларынан (алария, эклания, саргасстар ж. б.) турган суу алды токойлорду пайда кылат. Бир ж-а көп клеткалуу деӊиз балырлары сыртынан татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдү элестетип өсөт. Балырлар, демейде, суу түбүнө ризоиддери м-н бекип, чанда кумдуу ж-а баткактуу деӊиз түбүндө калкып өсөт. Балырлар деӊиз түбүндөгү органикалык заттардын негизги жараткычы, алар жылына 1011 тонна органикалык зат пайда кылат. Ири балырлардын арасында көптөгөн омурткасыздар ж-а балыктар (айрыкча алардын тукуму) жашайт, алар м-н азыктанат. Суудагы тиричилик жалпысынан балырларга байланыштуу. Алар деӊиз суусундагы өтө аз айрым микроэлементтерди өзүнө топтойт. Деңиз флорасына татаал өсүмдүктөрдөн негизинен рдесттер ж-а водокрастар тукумунун өкүлдөрү мүнөздүү. Чөп өсүмдүктөрү (50дөй түрү) негизинен 100 м суу түбүндө кадимкидей шалбааны пайда кылат. Айрыкча зостера, посейдония, талассия ж. б. кезигет. Дүйнөлүк океандагы деңиз флорасынан жылына болжол м-н 550 млрд тоннага жакын азык ж-а техникалык продукция алынат. Алар медицинада, тамак-аш, текстиль, тери иштетүү ж-а нефть иштетүү өнөр жайында колдонулат.