ДИПЛОИД: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИПЛО́ИД''' (гр. dipljos – эки ж-а tidos – түр) – клеткаларында окшош жуп хромосомалар жы­йындысы бар организм. Хромосомалардын | '''ДИПЛО́ИД''' (гр. dipljos – эки ж-а tidos – түр) – клеткаларында окшош жуп хромосомалар жы­йындысы бар организм. Хромосомалардын диплоиддик саны – түргө мүнөздүү белги. Хромосома­лардын диплоиддик (кош) жыйнагы сомалык (дене­лик) клеткалардын ядросунда болот. Жыныс клеткалардын (гаметалардын) ядролорунда хро­мосомалардын гаплоиддик, башкача айтканда жалпы жый­нагы болот. Адамдын диплоиддик жыйнагында 23 хро­мосома бар. Гаплоиддик жыйнакта ар бир жуп­тан 1 гана хромосома болуп, диплоид эки гаплоиддик гаметанын биригүүсүнөн пайда болот. Организм­дин ар бир түрү үчүн хромосомалардын диплоиддик ж-а гаплоиддик жыйнактарынын саны турук­туу. Көпчүлүк жаныбарларда ж-а татаал түзү­лүштүү өсүмдүктөрдө диплоид алардын тиричилик цик­линин негизги учуру болуп саналат. Диплоиддүүлүк эволюциянын жүрүшүндө гаплоиддик организм­дин негизинде пайда болуп, гаплоиддерге салыш­тырмалуу алардын артыкчылыгына байланыш­туу сакталып калган. Айтсак диплоиддик организм­дердин рецессиялык мутациялары гетерозигота­лык абалда (Аа) билинбей, популяцияларда жа­шырын сакталат. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
03:37, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИПЛО́ИД (гр. dipljos – эки ж-а tidos – түр) – клеткаларында окшош жуп хромосомалар жыйындысы бар организм. Хромосомалардын диплоиддик саны – түргө мүнөздүү белги. Хромосомалардын диплоиддик (кош) жыйнагы сомалык (денелик) клеткалардын ядросунда болот. Жыныс клеткалардын (гаметалардын) ядролорунда хромосомалардын гаплоиддик, башкача айтканда жалпы жыйнагы болот. Адамдын диплоиддик жыйнагында 23 хромосома бар. Гаплоиддик жыйнакта ар бир жуптан 1 гана хромосома болуп, диплоид эки гаплоиддик гаметанын биригүүсүнөн пайда болот. Организмдин ар бир түрү үчүн хромосомалардын диплоиддик ж-а гаплоиддик жыйнактарынын саны туруктуу. Көпчүлүк жаныбарларда ж-а татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө диплоид алардын тиричилик циклинин негизги учуру болуп саналат. Диплоиддүүлүк эволюциянын жүрүшүндө гаплоиддик организмдин негизинде пайда болуп, гаплоиддерге салыштырмалуу алардын артыкчылыгына байланыштуу сакталып калган. Айтсак диплоиддик организмдердин рецессиялык мутациялары гетерозиготалык абалда (Аа) билинбей, популяцияларда жашырын сакталат.