ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОМИНИ́КА РЕСПУБЛИКАСЫ''' – Вест-Индия­дагы мамлекет, Гаити | '''ДОМИНИ́КА РЕСПУБЛИКАСЫ''' – Вест-Индия­дагы мамлекет, Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Ка­риб деңизи чулгап жатат. Чыгышынан Пуэрто- | ||
[[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ36.png | thumb | none]] | [[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ36.png | thumb | none]] | ||
Рикодон Мона кысыгы бөлүп, батышынан Гаи­ти | Рикодон Мона кысыгы бөлүп, батышынан Гаи­ти Республикасы м-н чектешет. Аянты 48,4 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 8,6 млн (2005). Борбору – Санто- Доминго шаары (калкы 2,6 млн. Доминика Республикасы 26 провинци­яга ж-а улут округуна бөлүнөт. | ||
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Доминика Республикасы – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – пре­зидент. (2004-жылдан Л. Фернандес). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки па­латалуу Улуттук конгресс (Депутаттар пала­тасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Реформисттик социал-христиан партиясы, Домини­ка революциялык партиясы, Доминика боштондук партиясы, Көз каранды эмес революциялык партия. | |||
чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки па­латалуу Улуттук конгресс (Депутаттар пала­тасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: | |||
'''Табияты.''' Гаити аралы тоолуу; тоолору терең өрөөн­дөр ж-а туюк ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик Кордильера-Сентраль (Сибао) тоолорунун орточо бийиктиги 2400–2750 ''м''; анын борбордук бөлүгүндө өлкөнүн эң бийик жери – Дуарте тоосу жай­гашкан, бийиктиги 3175 ''м''. Бул тоолордун түндүк тарабында калк жыш отурукташкан, жери күр­дүү, Сибао өрөөнү 240 ''км''ге созулуп жатат. Жээк бөлүктөрүн да кууш түздүктөр ээлейт. Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө акиташ тегинен түзүл­гөн зор плато жайгашкан, ал Кариб деңизин карай жантайыңкы. Мында өлкөнүн эң зор түздүгү ж-а борбор шаары – Санто-Доминго жай­гашкан. Түштүгүндөгү Кюльде-Сак ойдуңу жа­кынкы эле геологиялык мезгилде деңиз булуңу болгон; анын бир бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан, андагы туздуу Энрикильо көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 44 ''м'' төмөн жатат. Климаты тропиктик, пассаттык, кышы кургакчыл, жайы нымдуу. Айлык орточо температурасы (1000 ''м'' бийиктикте) 24– 29°С. Жаан-чачыны көбүнчө жайдын аягында, ураган маалына дал келет; жылдык орточо өлчөмү 1000–1500 ''мм'', тоолордун айдарым түштүк-батыш капталдарында 2000 ''мм''ден ашык. Мындагы нымдуу тропик токою (кызыл ж-а кампеш тип­теги дарактар) өйдөлөгөн сайын ийне жалбы­рактуу токойго өтөт. Кургакчылыраак түштүк кап­талдарында аралаш токой өсүмдүктөрү кезде­шет. Табигый өсүмдүктөр өлкөнүн кыйла бөлү­гүндө жок болуп кеткен; мурдагы жергиликтүү өсүм­дүктөрдүн калдыгы дарыя жээктериндеги саван­на ж-а жыш токой түрүндө сакталган. Түштү­гүндө тикендүү бадалдар ж-а зор кактустар өсөт. | |||
'''Калкынын''' 75%ке жакыны мулаттар, 10% негрлер, 15% европалыктар. Акча бирдиги – пе­со. Мамлекеттик тили – испан тили. Дини – като­лицизм. Шаар калкы 40% (1970). Ири шаар­лары: Санто-Доминго (калкы 2,6 млн), Сан­тьяго (5 миңдей), Сан-Франсиско-де-Макорис | |||
[[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ37.png | thumb | Айыл чарбалуу пейзаж.]] | [[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ37.png | thumb | Айыл чарбалуу пейзаж.]] | ||
[[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ38.png | thumb | Ла-Романа курорт шаарынын деңиз жээгиндеги паль­малуу пляжы.]] | [[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ38.png | thumb | Ла-Романа курорт шаарынын деңиз жээгиндеги паль­малуу пляжы.]] | ||
[[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ39.png | thumb | Сантьяго-Де-Лос-Кабальеро шаары.]] | [[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ39.png | thumb | Сантьяго-Де-Лос-Кабальеро шаары.]] | ||
(1,8 миң), Сан-Педро-де-Макорис (2,2 миң), Ба­раона, Ла-Романа (1,7 миң) ж. б. ББУ, ЭВФ, Америка өлкөлөрү уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б. уюмдардын мүчөсү. | (1,8 миң), Сан-Педро-де-Макорис (2,2 миң), Ба­раона, Ла-Романа (1,7 миң) ж. б. ББУ, ЭВФ, Америка өлкөлөрү уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б. уюмдардын мүчөсү. | ||
'''Тарыхы.''' Гаити аралын байыркы мезгилдерден ин­дей уруулары жердеп, алар аралды Гаити деп аташкан. Гаити аралы Х. Колумб тарабынан 1492-жылы ачылып, Эспаньола («Кичи Испания») деп ата­ган. 15-кылымдын аягында аралдын чыгыш бөлүгү (азыркы Доминика Республикасынын аймагы) Испаниянын коло­ниясына айландырылган. Испан колониячыла­ры жергиликтүү уруулардын көпчүлүгүн кырып жок кылган. 1496-жылы испандыктар аралда Санто-До­минго-де-Гусман шаарын курушкан. 1697-жылы арал­дын батыш бөлүгү Францияга берилген, ал эми чыгыш бөлүгү Испаниянын бийлиги астында калган. 1795-жылы арал толугу м-н Франциянын көзөмөлүнө өтүп, 1808-жылы кайрадан испандык­тарга кайтарылган. 1810–26-жылдарда Америкадагы ис­пан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согуштун натыйжасында, 1821-жылы Санто-Домин­го көз каранды эместигин жарыялайт, бирок 1822-жылы ал Гаити республикасынын курамына киргизи­лет. Боштондук үчүн күрөштүн натыйжасында, 1844-жылы Доминика Республикасынын көз каранды эместиги жарыя­ланып, конституция кабыл алынган. Генерал | |||
. Гаити | |||
чыгыш бөлүгү Испаниянын бийлиги астында калган. 1795- | |||
Педро Сантана президент болуп шайланган. 1861- | Педро Сантана президент болуп шайланган. 1861-жылы Доминика Республикасын кайрадан Испания басып алган. 1865-жылы гана өлкө испан эзүүсүнөн толук кутул­ган. 1916–24-жылдарда Доминика Республикасы АКШ тарабынан окку­пацияланган. 1930-жылы АКШнын колдоосу м-н Р. Л. Трухильонун диктатордук режими орно­тулган. 1961-жылы Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, 60-жылдардын ортосунда өлкөдө диктатураны колдоочулар м-н демократиялык күчтөрдүн ортосунда узакка созулган күрөш жүргөн. 1965-жылы АКШ куралдуу интервенция жасоого аракеттенген. 1966-жылы реформисттик социал-христиан партия­сы бийликке келген. 1994-жылы шайлоодо Лео­нель Фернандес президент болуп шайланган. Ал өлкөдө демократиялык реформаларды баштаган. | ||
[[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ40.png | thumb | none]]- | [[File:ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ40.png | thumb | none]]1996-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 1998-жылы майда Улуттук конгресске шайлоолордо Доминикан революциялык партиясы жеңишке жетишкен. | ||
==Экономикасы== | ==Экономикасы== | ||
61 сап: | 50 сап: | ||
Ад.: ''Кремер Т. И.'' Доминиканская Республика. М., 1980; История Латынской Америки. М., 1979; т. 2, | Ад.: ''Кремер Т. И.'' Доминиканская Республика. М., 1980; История Латынской Америки. М., 1979; т. 2, | ||
М., 1982. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | М., 1982. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
03:56, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДОМИНИ́КА РЕСПУБЛИКАСЫ – Вест-Индиядагы мамлекет, Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи чулгап жатат. Чыгышынан Пуэрто-

Рикодон Мона кысыгы бөлүп, батышынан Гаити Республикасы м-н чектешет. Аянты 48,4 миң км2. Калкы 8,6 млн (2005). Борбору – Санто- Доминго шаары (калкы 2,6 млн. Доминика Республикасы 26 провинцияга ж-а улут округуна бөлүнөт.
Мамлекеттик түзүлүшү. Доминика Республикасы – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. (2004-жылдан Л. Фернандес). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук конгресс (Депутаттар палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Реформисттик социал-христиан партиясы, Доминика революциялык партиясы, Доминика боштондук партиясы, Көз каранды эмес революциялык партия.
Табияты. Гаити аралы тоолуу; тоолору терең өрөөндөр ж-а туюк ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик Кордильера-Сентраль (Сибао) тоолорунун орточо бийиктиги 2400–2750 м; анын борбордук бөлүгүндө өлкөнүн эң бийик жери – Дуарте тоосу жайгашкан, бийиктиги 3175 м. Бул тоолордун түндүк тарабында калк жыш отурукташкан, жери күрдүү, Сибао өрөөнү 240 кмге созулуп жатат. Жээк бөлүктөрүн да кууш түздүктөр ээлейт. Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө акиташ тегинен түзүлгөн зор плато жайгашкан, ал Кариб деңизин карай жантайыңкы. Мында өлкөнүн эң зор түздүгү ж-а борбор шаары – Санто-Доминго жайгашкан. Түштүгүндөгү Кюльде-Сак ойдуңу жакынкы эле геологиялык мезгилде деңиз булуңу болгон; анын бир бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан, андагы туздуу Энрикильо көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 44 м төмөн жатат. Климаты тропиктик, пассаттык, кышы кургакчыл, жайы нымдуу. Айлык орточо температурасы (1000 м бийиктикте) 24– 29°С. Жаан-чачыны көбүнчө жайдын аягында, ураган маалына дал келет; жылдык орточо өлчөмү 1000–1500 мм, тоолордун айдарым түштүк-батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Мындагы нымдуу тропик токою (кызыл ж-а кампеш типтеги дарактар) өйдөлөгөн сайын ийне жалбырактуу токойго өтөт. Кургакчылыраак түштүк капталдарында аралаш токой өсүмдүктөрү кездешет. Табигый өсүмдүктөр өлкөнүн кыйла бөлүгүндө жок болуп кеткен; мурдагы жергиликтүү өсүмдүктөрдүн калдыгы дарыя жээктериндеги саванна ж-а жыш токой түрүндө сакталган. Түштүгүндө тикендүү бадалдар ж-а зор кактустар өсөт.
Калкынын 75%ке жакыны мулаттар, 10% негрлер, 15% европалыктар. Акча бирдиги – песо. Мамлекеттик тили – испан тили. Дини – католицизм. Шаар калкы 40% (1970). Ири шаарлары: Санто-Доминго (калкы 2,6 млн), Сантьяго (5 миңдей), Сан-Франсиско-де-Макорис



(1,8 миң), Сан-Педро-де-Макорис (2,2 миң), Бараона, Ла-Романа (1,7 миң) ж. б. ББУ, ЭВФ, Америка өлкөлөрү уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Тарыхы. Гаити аралын байыркы мезгилдерден индей уруулары жердеп, алар аралды Гаити деп аташкан. Гаити аралы Х. Колумб тарабынан 1492-жылы ачылып, Эспаньола («Кичи Испания») деп атаган. 15-кылымдын аягында аралдын чыгыш бөлүгү (азыркы Доминика Республикасынын аймагы) Испаниянын колониясына айландырылган. Испан колониячылары жергиликтүү уруулардын көпчүлүгүн кырып жок кылган. 1496-жылы испандыктар аралда Санто-Доминго-де-Гусман шаарын курушкан. 1697-жылы аралдын батыш бөлүгү Францияга берилген, ал эми чыгыш бөлүгү Испаниянын бийлиги астында калган. 1795-жылы арал толугу м-н Франциянын көзөмөлүнө өтүп, 1808-жылы кайрадан испандыктарга кайтарылган. 1810–26-жылдарда Америкадагы испан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согуштун натыйжасында, 1821-жылы Санто-Доминго көз каранды эместигин жарыялайт, бирок 1822-жылы ал Гаити республикасынын курамына киргизилет. Боштондук үчүн күрөштүн натыйжасында, 1844-жылы Доминика Республикасынын көз каранды эместиги жарыяланып, конституция кабыл алынган. Генерал
Педро Сантана президент болуп шайланган. 1861-жылы Доминика Республикасын кайрадан Испания басып алган. 1865-жылы гана өлкө испан эзүүсүнөн толук кутулган. 1916–24-жылдарда Доминика Республикасы АКШ тарабынан оккупацияланган. 1930-жылы АКШнын колдоосу м-н Р. Л. Трухильонун диктатордук режими орнотулган. 1961-жылы Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, 60-жылдардын ортосунда өлкөдө диктатураны колдоочулар м-н демократиялык күчтөрдүн ортосунда узакка созулган күрөш жүргөн. 1965-жылы АКШ куралдуу интервенция жасоого аракеттенген. 1966-жылы реформисттик социал-христиан партиясы бийликке келген. 1994-жылы шайлоодо Леонель Фернандес президент болуп шайланган. Ал өлкөдө демократиялык реформаларды баштаган.

1996-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 1998-жылы майда Улуттук конгресске шайлоолордо Доминикан революциялык партиясы жеңишке жетишкен.
Экономикасы
. ИДП 1996-ж. 12,4 млрд долларды түзгөн, киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан айланат. ИДПнин 13%ин а. ч., 24%ин
ө. ж-ы берет; андагы инвестициянын үлүшү 20%; анын 3/ үн ички топтомдон, калганы чет элдик кредиттен каржыланат. Өлкөнүн экономикасында а. ч-нын үлүшү төмөндөп (1960-ж. а. чнда калктын 60% иштесе, 1994-ж. 32%ке чейин азайган), ал эми казып алуу ө. ж. м-н туризм өнүгүүдө. Дыйкандардын көбүнүн 2 гектарга чейин гана жери бар. Айдоо жердин жарымына жакыны мамлекетке таандык, ал эми бал
камыштын ири плантацияларына жерг. байлар ж-а АКШнын «Галф энд уэстерн корпорейшен» компаниялары ээлик кылат. Башкы а. ч.
өсүмдүгү – бал камыш; о. эле маанилүү экспорттук өсүмдүктөргө – кофе ж-а шоколад дарактары, жер жемиш ж-а тамеки кирет. Ички керектөө үчүн шалы, буурчак, маниок ж-а банан өстүрүлөт. Уй, чочко ж. б. үй жаныбарлары асыралат. Жээк сууларынан чакан кемелер м-н балык кармашат. Токойду кыюуга тыюу салынган.
Д. Р-нын аймагында бокситтин, никелдин (чет
өлкөлүк компаниялардын карамагында), алтындын, күмүштүн чамалуу запасы бар. О. эле жез, кайнатма туз кендери казылып алынат.


Доминика Республикасынын акчасы.
Тоо-кен ө. ж. экспорттук кирешенин маанилүү булагы болуп саналат. 1981-ж. Бараон ш-на жакын нефть кени ачылган. Өлкөнүн бүт электр станцияларынын кубаттуулугу 2454,4 миң кВт; анын 14%ин ГЭС, 62%ин нефть м-н иштеген ЖЭС өндүрөт.
Иштеп чыгаруу ө. ж-нын 2/ си а. ч. сырьёсун иштетет. Кийим, цемент, картон ички рыноктун муктаждагын камсыз кылат. Спорт товарларын да чыгарат. Телекоммуникация системасы, туризм ж-а курулуш ыкчам өнүгүүдө. Өлкөдө 7 эркин ө. ж.-экон. зонасы түзүлүп, анда кийимкече, электр товарлары, бут кийим даярдалат. Ички жүктөрдүн дээрлик бардыгы автомобиль жолу м-н ташылат, анын уз. 12,3 миң км. Жалпы уз. 12 км т. ж-до негизинен кант ташылат. Эл аралык 2 аэропорту бар (Пуэрто-Плато, Санто-Доминго ш-нда) бар; Санто-Доминго – өлкөнүн негизги деңиз порту. Өкмөттүн көзөмөлүндөгү 150 радиостанция ж-а телестанция иштейт.
Өлкөнүн сырткы соодасынын жалпы көлөмү
ИДПнин 50%тейин түзөт. Экспорту негизинен минералдык сырьёлорду ж-а а. ч. продукцияларын камтыйт. Кант экспорттук кирешенин 20%ин, калгандарын алтын, күмүш, никель, боксит, кофе, какао, фурфурол (эритме), тамеки, жеңил ж-а электр-тех. ө. ж. продукциялары түзөт. Негизги импорту – нефть (Венесуэла ж-а Мексикадан алат), о. эле азык-түлүк, хим. продуктулар, автомобиль, электр-техникасы. Негизги соода шериги – АКШ, ага импорттун 1/ , экспорттун 2/ си туура келет.
Маданияты
. Д.Р-нда 1951-ж. балдардын милдеттүү окуусу ж-дө мыйзам кабыл алынганына карабастан, калктын 32% сабатсыз. Балдар 7– 14 жашка чейин мектепте окушат. Өлкөдөгү ири ун-т Санто-Домингодо семинариянын базасында 1538-ж. ачылган. Мадре-и-Маэстро католик ун-ти Сантьяго ш-нда 1962-ж. негизделген. Учурда Д.Р-нда 8 ун-т бар, аларда 90 миңге жакын студенттер билим алышат. Ири китепканалары ж-а музейлери: Санто-Доминго ун-тинин китепканасы (1538), Улуттук китепкана, Улуттук музей (1927), Санто-Доминго улуттук асем өнөр музейи (1943).
Ад-ты негизинен испан тилинде өнүгүүдө. Ага
Ф. М. Монте (1819–99) негиз салган. Д. Р-нын ад-тынын өз алдынчалыгын аныктоо максатында жазуучулар жерг. эл (индейлер) ж-дөгү эскерүүлөргө кайрылышкан. М. де Гальван (1834– 1911) испандардын Вест-Индияны каратуудагы тарыхынан алып, «Энрикильо» романын жазган. 20-к-дын баш ченинде ад-тагы модернизм О. Базиль (1884–1946), А. Лугонун чыгармаларынан көрүнөт. АКШ аскерлеринин Д. Р-н оккупациялашы (1916–24) ад-та каршылык көрсөтүү мотивдерин күчөтөт. А. Ф. Рекенанын (1908–
52) «Жер душманы» (1936), «Алоолонгон сапар»
(1941), «Бейит белгиси жок көрүстөн» (1949), Р. Марреро Аристинин «Ашыкча пайда» (1939) романдарында ошол мезгилдеги татаал жагдайлар чагылдырылган. Доминика жазуучуларынын ичинен Энрикес Уреньялар да кеңири белгилүү. Саломе Уренья де Энрикес (1850–
97) аялдардын пед. курсун, аялдар үчүн алгачкы жогорку билим берүү борборун уюштурган. Анын уулдары Педро Энрикес Уренья (1884– 1946), Макс Энрикес Уренья (1885–1968) мад-т тарыхына арналган чыгармаларды жаратышкан.
16-к-га чейин өлкөдө индейлердин иск-восу
өнүгүп келген. 15-к-дын аягы–16-к-дын башында испандар соңку готика ж-а кайра жаралуу доорунун стилинде Санто-Доминго ж. б. шаарларды курушту. 20-к-дан имараттар ж-а айрым райондор АКШ арх-расынын үлгүсүндө курула баштаган. Д. Сура, Х. Кольсон, Х. Энандес Ортега ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында европ. ж-а амер. модернисттик агымдардын таасири бар. Улуттук реалисттик образдар С. Воси-Хиль, А. Бонилья, Х. О. Морель ж. б. живописчилердин чыгармаларында түзүлгөн.
Ад.: Кремер Т. И. Доминиканская Республика. М., 1980; История Латынской Америки. М., 1979; т. 2, М., 1982.