ДОН: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОН''' (иран тилдеринде – «суу», «дарыя» маани­синде; байыркы гр. Т а н а и с) – Россиянын | '''ДОН''' (иран тилдеринде – «суу», «дарыя» маани­синде; байыркы гр. Т а н а и с) – Россиянын европалык бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Узундугу 1870 ''км'', алабынын аянты 422 миң ''км''<sup>2</sup>. Орто Орус дөң­сөөсүнөн башталып, Азов деңизинин Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 ''км''<sup>2</sup>ге че­йин) пайда кылат. Дондун өрөөнү кыйла аралык­ка чейин Орто Орус дөңсөөсүнүн чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эң­кейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Се­верский Донец (оң). Орточо чыгымы 935 ''м''<sup>3</sup>/''сек''. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрел­дин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Дон – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу Вол­га дарыясы м-н туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи ж-а суу сактагычы, Николаев, Константинов, Ко­четов гидротүйүндөрү курулган. Балык карма­лат. Сосна дарыясынын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 ''км''). Георгиу-Деж шаарынан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 ''км''). Боюндагы негиз­ги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Вол­годонск, Ростов-на-Дону, Азов. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
суу сактагычы, Николаев, Константинов, Ко­четов гидротүйүндөрү курулган. Балык карма­лат. Сосна | |||
үзгүлтүксүз каттайт (1355 ''км''). Боюндагы негиз­ги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Вол­годонск, Ростов-на-Дону, Азов. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
05:47, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДОН (иран тилдеринде – «суу», «дарыя» маанисинде; байыркы гр. Т а н а и с) – Россиянын европалык бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Узундугу 1870 км, алабынын аянты 422 миң км2. Орто Орус дөңсөөсүнөн башталып, Азов деңизинин Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 км2ге чейин) пайда кылат. Дондун өрөөнү кыйла аралыкка чейин Орто Орус дөңсөөсүнүн чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эңкейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Северский Донец (оң). Орточо чыгымы 935 м3/сек. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрелдин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Дон – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу Волга дарыясы м-н туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи ж-а суу сактагычы, Николаев, Константинов, Кочетов гидротүйүндөрү курулган. Балык кармалат. Сосна дарыясынын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 км). Георгиу-Деж шаарынан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 км). Боюндагы негизги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Волгодонск, Ростов-на-Дону, Азов.