ДОНОР: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДО́НОР''' (лат. dono – белек кылам) – өз каалоо­су м-н оорулуу кишиге канын куюу, тканын ( | '''ДО́НОР''' (лат. dono – белек кылам) – өз каалоо­су м-н оорулуу кишиге канын куюу, тканын (мисалы, тери) же органын (мисалы, бөйрөк) көчүрүү үчүн берүүчү адам. Ден соолугу таза, жашы 18ден жогору адамдар Донор боло алат. Кан берүүнүн Донордун ден соолугу үчүн зыяны жок. Донор болуу – ардактуу милдет. Ал оорулуунун ден соолугун ж-а өмүрүн сактоого жардам берет. Донордон кан алуу ж-а аларды консервалоо кан куюу станция­ларында жүргүзүлөт. Алар райондук ооруканалар­ды ж. б. дарылоо мекемелерин кан м-н камсыз кылат. Донор кан берерде медициналык текшерүүдөн өткө­рүлөт. 1-жолу кан бергенде 200–250 ''мл'', кайта­лап бергенде 450 ''мл''ге чейин кан алынат. Кайта­лап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат бе­рилет. Донор дун каны канды консервалоочу заттар салынган атайын идишке алынып, анын сыр­тына кандын тобу, Донор дун аты-жөнү жазылат. | ||
үчүн берүүчү адам. Ден соолугу таза, жашы 18ден жогору адамдар | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
07:42, 14 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДО́НОР (лат. dono – белек кылам) – өз каалоосу м-н оорулуу кишиге канын куюу, тканын (мисалы, тери) же органын (мисалы, бөйрөк) көчүрүү үчүн берүүчү адам. Ден соолугу таза, жашы 18ден жогору адамдар Донор боло алат. Кан берүүнүн Донордун ден соолугу үчүн зыяны жок. Донор болуу – ардактуу милдет. Ал оорулуунун ден соолугун ж-а өмүрүн сактоого жардам берет. Донордон кан алуу ж-а аларды консервалоо кан куюу станцияларында жүргүзүлөт. Алар райондук ооруканаларды ж. б. дарылоо мекемелерин кан м-н камсыз кылат. Донор кан берерде медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. 1-жолу кан бергенде 200–250 мл, кайталап бергенде 450 млге чейин кан алынат. Кайталап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат берилет. Донор дун каны канды консервалоочу заттар салынган атайын идишке алынып, анын сыртына кандын тобу, Донор дун аты-жөнү жазылат.