ВАНДАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВАНДАЛ́ИЗМ – маданий ж-а материалдык баалуулуктарды максатсыз, түркөйлүк, наадандык м-н талкалап жок кылуу. Өзүнүн агрессивдүүлүгү, ырайымсыздыгы м-н айырмаланган байыркы герман урууларынын тобу – вандалдар 455-ж. Римди талап-тоноп, көптөгөн антикалык маданий эстеликтерди талкалаган. Ошондон «В.» деген сөз калган. В-ди адамга карата колдонгондо наадандыкты, маданиятсыздыкты, түркөйлүктү, оройлукту билдирет. В. – жазык укугунун маанисинде коомдук адеп-ахлакты одоно бузган (курулуш жайларга, имараттарга уят сөздү жазуу, коомдук транспортту бүлдүрүү ж. б.) аракеттер. В. кылмыш курамы б-ча чоӊ коркунуч келтирбеген кылмыштар жигине кирет.