ДОВГАЛЬ Татьяна Андреевна: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

11:11, 17 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДО́ВГАЛЬ Татьяна Андреевна (1937-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отрадный кыштагы) – саан­чы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1981). Эмгек жолун 1953-жылы «Биринчи Май» колхозунда чочко багуучу болуп

иштөөдөн баштаган. 1956-жылдан саанчы. 11- беш жылдыкта (1981–85) ар саан уйдан (23 уй) орто эсеп м-н 5290 кгдан сүт саап алуу­га жетишкен. 1970–79-жылдарда СССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин, Ок­тябрь Революциясы орден­дери м-н сыйланган.