ДҮЙШӨМБҮ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮЙШӨМБҮ''' , Д у ш а н б е (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929–61-ж. чейин Сталинабад) – Та­жикстандын борбор шаары (1929-жылдан). Ысар | '''ДҮЙШӨМБҮ''' , Д у ш а н б е (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929–61-ж. чейин Сталинабад) – Та­жикстандын борбор шаары (1929-жылдан). Ысар | ||
өрөөнүндө, Дүйшөмбү | өрөөнүндө, Дүйшөмбү дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 750–930 ''м'' бийикте жайгашкан. 1920-жылы Бухара эмиринин акыркы резиденциясы болгон. 1922- жылдан шаар. 1991-жылдан өлкөнүн, саясий, экономикалык ж-а маданий борбору. Калкы 600 миң (2003). Темир жол тоому. Машина куруу, металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек, булгаа­ры-бут кийим, тигүү), тамак-аш, курулуш ма­териалдары (цемент, үй куруу комбинаттары) өнөр жайы, ИА, 8 ЖОЖ (анын ичинде Тажикстан, Славян, агрардык университеттери), медициналык институт, 6 театр (анын ичинде Тажик­стан опера ж-а балет, драма театрлары), филар­мония, музейлер (тарыхый-мекен таануу ж-а сүрөт, Бехзад атындагы өнөр, этнография, С. Айни атындагы, | ||
[[File:ДҮЙШӨМБҮ93.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:ДҮЙШӨМБҮ93.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
М. Турсун-заде | М. Турсун-заде атындагы адабият), китепкана (Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саадинин кол жазмала­ры сакталууда) иштейт. Эсептөө борбору (1976), жазуучулар союзу («Поэзия жылдыздары» пан­носу м-н кооздолгон), эстеликтер, басма үйү ж. б. бар. Шаардын аты аптанын биринчи күнүн бил­гизген дүйшөмбү сөзүнөн аталган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
03:44, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДҮЙШӨМБҮ , Д у ш а н б е (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929–61-ж. чейин Сталинабад) – Тажикстандын борбор шаары (1929-жылдан). Ысар өрөөнүндө, Дүйшөмбү дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 750–930 м бийикте жайгашкан. 1920-жылы Бухара эмиринин акыркы резиденциясы болгон. 1922- жылдан шаар. 1991-жылдан өлкөнүн, саясий, экономикалык ж-а маданий борбору. Калкы 600 миң (2003). Темир жол тоому. Машина куруу, металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек, булгаары-бут кийим, тигүү), тамак-аш, курулуш материалдары (цемент, үй куруу комбинаттары) өнөр жайы, ИА, 8 ЖОЖ (анын ичинде Тажикстан, Славян, агрардык университеттери), медициналык институт, 6 театр (анын ичинде Тажикстан опера ж-а балет, драма театрлары), филармония, музейлер (тарыхый-мекен таануу ж-а сүрөт, Бехзад атындагы өнөр, этнография, С. Айни атындагы,

М. Турсун-заде атындагы адабият), китепкана (Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саадинин кол жазмалары сакталууда) иштейт. Эсептөө борбору (1976), жазуучулар союзу («Поэзия жылдыздары» панносу м-н кооздолгон), эстеликтер, басма үйү ж. б. бар. Шаардын аты аптанын биринчи күнүн билгизген дүйшөмбү сөзүнөн аталган.