ДИЭЛЕКТРИКТЕР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИЭЛЕКТРИКТЕР''' (гр. dia – аркылуу, англ. electric – электрлик) – электр тогун өтө начар өт­көрүүчү заттар. «Диэлектриктер» терминин илимге М. ''Фара­дей'' киргизген (1839). Заттарда сырткы электр булактары пайда кылган электр талаасы заряд­дардын багытталган кыймылын (электр тогун) же кайрадан бөлүштүрүлүшүн, же электрдик диполдун моментин пайда кылат, башкача айтканда поляр­ланат. Полярлануу же электр өткөрүмдүүлүк касиетине карата заттар диэлектриктер (изолятор) ж-а өт­көргүчтөр (металл, электролит, плазма) болуп бөлүнөт. Диэлектриктердин электр өткөрүмдүүлүгү металлга салыштырганда өтө аз. Алардын салыштырма каршылыгы (ρ) 10<sup>8 </sup>– 10<sup>17 </sup>''Ом . см'' (металлда ρ ~10<sup>–6 </sup>– 10<sup>–4</sup> Ом.см). Физикада металл м-н диэлектриктердин айырмасы: металлда эркин электрон көп, ал эми диэлектриктердин атомдорунда электрон ядро м-н бекем байцланышкан (эркин электрон жок); электр талаасы диэлектриктердин электронун кичине жылышка мажбурлайт. Диэлектриктерге катуу, суюк, газ абалындагы заттар кирет. Кристаллдар (туздар – NaCl, KBr ж. б.) ж-а аморфтук заттар (айнек, кара чайыр ж. б.), таза суу, нитробензол диэлектриктер болушат. Газдар ней­тралдык атом, молекулалардан тургандыктан, кадимки шартта электр тогун өткөрүшпөйт. Температура жогорулаганда атом, молекулалар ион­дошуп, газ плазмага айланат. Макроскопиялык теорияда диэлектриктер үзгүлтүксүз чөйрө катары каралат. Анын электрдик ''D''абалын сүрөттөө үчүн заряд тыгыздыгы ρ пайдаланылат. Диэлектриктердин электрдик абалын аныктоодо заряд тыгыздыгынан башка | '''ДИЭЛЕКТРИКТЕР''' (гр. dia – аркылуу, англ. electric – электрлик) – электр тогун өтө начар өт­көрүүчү заттар. «Диэлектриктер» терминин илимге М. ''Фара­дей'' киргизген (1839). Заттарда сырткы электр булактары пайда кылган электр талаасы заряд­дардын багытталган кыймылын (электр тогун) же кайрадан бөлүштүрүлүшүн, же электрдик диполдун моментин пайда кылат, башкача айтканда поляр­ланат. Полярлануу же электр өткөрүмдүүлүк касиетине карата заттар диэлектриктер (изолятор) ж-а өт­көргүчтөр (металл, электролит, плазма) болуп бөлүнөт. Диэлектриктердин электр өткөрүмдүүлүгү металлга салыштырганда өтө аз. Алардын салыштырма каршылыгы (ρ) 10<sup>8 </sup>– 10<sup>17 </sup>''Ом . см'' (металлда ρ ~10<sup>–6 </sup>– 10<sup>–4</sup> Ом.см). Физикада металл м-н диэлектриктердин айырмасы: металлда эркин электрон көп, ал эми диэлектриктердин атомдорунда электрон ядро м-н бекем байцланышкан (эркин электрон жок); электр талаасы диэлектриктердин электронун кичине жылышка мажбурлайт. Диэлектриктерге катуу, суюк, газ абалындагы заттар кирет. Кристаллдар (туздар – NaCl, KBr ж. б.) ж-а аморфтук заттар (айнек, кара чайыр ж. б.), таза суу, нитробензол диэлектриктер болушат. Газдар ней­тралдык атом, молекулалардан тургандыктан, кадимки шартта электр тогун өткөрүшпөйт. Температура жогорулаганда атом, молекулалар ион­дошуп, газ плазмага айланат. Макроскопиялык теорияда диэлектриктер үзгүлтүксүз чөйрө катары каралат. Анын электрдик ''D'' абалын сүрөттөө үчүн заряд тыгыздыгы ρ пайдаланылат. Диэлектриктердин электрдик абалын аныктоодо заряд тыгыздыгынан башка полярдануу вектору ''P'' колдонулат: ρ = – ''divP''. Көпчүлүк диэлектриктердин полярдануу вектору ''Р'' ж-а электр талаасынын чыңалышы ''Е'' сызыктуу бай­ланышта, башкача айтканда ''P''=ε<sup>0χ</sup>Ε (мында ε<sub>0</sub> =8,85 <sup>. </sup>10–12 Ф/м, Х(хи) - диэлектрдик кабылдоочулук). Көпчүлүк учурда диэлектриктерде ''D'' электр индукциясы колдонулат: ''D''=ε<sub>0</sub>ε''E''=ε<sub>0</sub>''E +Р'', мында ε – диэлектр­дик өткөрүмдүүлүк (катыштар СИде жазылган). Диэлектриктер илим м-н техникада электр изоляция ката­ры, ал эми диэлектрик кристаллдар (пьезоэлек­трик, сегнетоэлектрик) квант электроникасын­да колдонулат. | ||
Ад.: ''Барфут Ж., Тейлор Ж.'' Полярные диэлектрики и их применения /Пер. с англ. М., 1981. | Ад.: ''Барфут Ж., Тейлор Ж.'' Полярные диэлектрики и их применения /Пер. с англ. М., 1981. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
04:55, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДИЭЛЕКТРИКТЕР (гр. dia – аркылуу, англ. electric – электрлик) – электр тогун өтө начар өткөрүүчү заттар. «Диэлектриктер» терминин илимге М. Фарадей киргизген (1839). Заттарда сырткы электр булактары пайда кылган электр талаасы заряддардын багытталган кыймылын (электр тогун) же кайрадан бөлүштүрүлүшүн, же электрдик диполдун моментин пайда кылат, башкача айтканда полярланат. Полярлануу же электр өткөрүмдүүлүк касиетине карата заттар диэлектриктер (изолятор) ж-а өткөргүчтөр (металл, электролит, плазма) болуп бөлүнөт. Диэлектриктердин электр өткөрүмдүүлүгү металлга салыштырганда өтө аз. Алардын салыштырма каршылыгы (ρ) 108 – 1017 Ом . см (металлда ρ ~10–6 – 10–4 Ом.см). Физикада металл м-н диэлектриктердин айырмасы: металлда эркин электрон көп, ал эми диэлектриктердин атомдорунда электрон ядро м-н бекем байцланышкан (эркин электрон жок); электр талаасы диэлектриктердин электронун кичине жылышка мажбурлайт. Диэлектриктерге катуу, суюк, газ абалындагы заттар кирет. Кристаллдар (туздар – NaCl, KBr ж. б.) ж-а аморфтук заттар (айнек, кара чайыр ж. б.), таза суу, нитробензол диэлектриктер болушат. Газдар нейтралдык атом, молекулалардан тургандыктан, кадимки шартта электр тогун өткөрүшпөйт. Температура жогорулаганда атом, молекулалар иондошуп, газ плазмага айланат. Макроскопиялык теорияда диэлектриктер үзгүлтүксүз чөйрө катары каралат. Анын электрдик D абалын сүрөттөө үчүн заряд тыгыздыгы ρ пайдаланылат. Диэлектриктердин электрдик абалын аныктоодо заряд тыгыздыгынан башка полярдануу вектору P колдонулат: ρ = – divP. Көпчүлүк диэлектриктердин полярдануу вектору Р ж-а электр талаасынын чыңалышы Е сызыктуу байланышта, башкача айтканда P=ε0χΕ (мында ε0 =8,85 . 10–12 Ф/м, Х(хи) - диэлектрдик кабылдоочулук). Көпчүлүк учурда диэлектриктерде D электр индукциясы колдонулат: D=ε0εE=ε0E +Р, мында ε – диэлектрдик өткөрүмдүүлүк (катыштар СИде жазылган). Диэлектриктер илим м-н техникада электр изоляция катары, ал эми диэлектрик кристаллдар (пьезоэлектрик, сегнетоэлектрик) квант электроникасында колдонулат.
Ад.: Барфут Ж., Тейлор Ж. Полярные диэлектрики и их применения /Пер. с англ. М., 1981.