ДӨРӨ АШУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨРӨ АШУУСУ''' Күнгөй Ала-Тоонун батышын­да. Дөрө суусунун башында. | '''ДӨРӨ АШУУСУ''' Күнгөй Ала-Тоонун батышын­да. Дөрө суусунун башында. Бийиктиги 3734 ''м''. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу би­йиктиги 200–300 ''м''. Ысык-Көлдүн деңгээлинен са­лыштырмалуу 2114 ''м'' жогору жатат. Ашуу нео­генге чейинки түздүктүн тектоникалык жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гра­нит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тек­теринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 ''м'' бийикте мөңгү (аянты 2,4 ''км''<sup>2</sup>) жатат. Андан башталган Дөрө суусу Чоң Кеминге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аска­луу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы шаарларынан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Ок­тябрь – май айларында ашууну кар басып, жа­былат. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
07:36, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДӨРӨ АШУУСУ Күнгөй Ала-Тоонун батышында. Дөрө суусунун башында. Бийиктиги 3734 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200–300 м. Ысык-Көлдүн деңгээлинен салыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу неогенге чейинки түздүктүн тектоникалык жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гранит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тектеринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийикте мөңгү (аянты 2,4 км2) жатат. Андан башталган Дөрө суусу Чоң Кеминге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аскалуу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы шаарларынан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Октябрь – май айларында ашууну кар басып, жабылат.