ДӨҢ-БУЛАК (шаар калдыгы): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:30, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДӨҢ-БУЛАК – антикалык доорго (б. з. ч. 2-кылымга) таандык шаар калдыгы Өзгөн районундагы Жазы суусунун сол жээгинде, Өзгөн шаарынан 5 км чы­гыш тарапта, Дөң-Булак кыштагынын жанында жайгашкан. Шаар Улуу Жибек жолунун угуна чеп катары курулган. Аянты 900х970 м. Түндүк бөлүгүндө

аянты 90х50 м сепили бар, анын үч тарабы терең аң м-н курчалган, түштүк жагынан гана кирүүгө болот. Археологиялык казууларда ка­лыңдыгы 10 мдей маданий катмар ачылган. Ал жерден ар кайсы доорлорго таандык карапа идиштердин сыныктары, сөөктөн, таштан жа­салган буюмдар табылган. Карапа идиштердин

Дөң-Булак шаар калдыгынан табылган археология­лык карапа табылгалар.

жасалыш технологиясында Шоро-Башат, Мар­хамат мад-ттарына, Касан, Кожогарын, Белес- Мазар сыяктуу соңку орто кылымдын эстелик­тери м-н окшоштугу бар.

С. Эралиев.