ДӨӨТАЛЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДӨӨТАЛЫ''' Касымбай уулу (1899, азыркы На­рын | '''ДӨӨТАЛЫ''' '''Касымбай уулу''' (1899, азыркы На­рын облусу, Нарын району, Эчки-Башы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – манасчы. Тынымсейит уруусунан. Атасы Касымбай чоң манасчылардан болгон. Дөөталы атасынын «Манас», «Семетей» айткандарын көкүрөгүнө түйүп, жаттап алган. Эл алдына чы­гып атайы «Манас» айткан эмес. Андан эпос­тун «Манас» бөлүмүнөн Манастын бала чагы, Манастын Жолой менен Эсенканга каршы со­гуштары, Манастын өлүшү, Каныкейдин Букар­га качышы ж-а «Семетей» бөлүмүнөн Семетей­дин Букардан Таласка келиши, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү (Чынкожо Толтой чатагы), Семетей баатырдын Манастын кунун куушу (Чалгын, Коңурбайдын Таласка кол салышы), Семетейдин кайып болушу, Канчоронун эпизод­дору жазылып алынган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
10:10, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДӨӨТАЛЫ Касымбай уулу (1899, азыркы Нарын облусу, Нарын району, Эчки-Башы айылы – өлгөн жылы белгисиз) – манасчы. Тынымсейит уруусунан. Атасы Касымбай чоң манасчылардан болгон. Дөөталы атасынын «Манас», «Семетей» айткандарын көкүрөгүнө түйүп, жаттап алган. Эл алдына чыгып атайы «Манас» айткан эмес. Андан эпостун «Манас» бөлүмүнөн Манастын бала чагы, Манастын Жолой менен Эсенканга каршы согуштары, Манастын өлүшү, Каныкейдин Букарга качышы ж-а «Семетей» бөлүмүнөн Семетейдин Букардан Таласка келиши, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү (Чынкожо Толтой чатагы), Семетей баатырдын Манастын кунун куушу (Чалгын, Коңурбайдын Таласка кол салышы), Семетейдин кайып болушу, Канчоронун эпизоддору жазылып алынган.