ЕВРИПИД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРИПИ́Д , Э в р и п и д (б. з. ч. 484-ж. ч., Саламин а. – б. з. ч. 406, Пелла) – байыркы грек драматургу. 92 драмалык чыгарма жазган, бизге 17 трагедиясы ж-а бир сатиралык драмасы («Киклоп») жеткен. Чыгармаларында (б. з. ч. 5-к-дын 2-жарымы) Афиныдагы саясий ж-а адеп-ахлак салттарынын бузулушун чагылдырган, көйгөйлөрдүн курч коюлушу аркылуу ал «сахна философу» катары таанылган. Е. Кудайдын ырайымсыздыгын («Ипполит», «Геракл») ж-а согушту («Троялык аялдар», «Финикиялык аялдар») айыптаган, «Ифигения Авлидада» трагедиясында биринчи болуп аял сүйүүсүнүн психологиясын иштеп чыккан. В. Г. Белинский Е-ди тереӊ ойчул, афинылык акыркы улуу трагик катары баалаган.
Чыг.: Трагедии. В 2 т. / Пер. Анненского. М. 1999.
Ад.: Тронский И. М. Истории античной литературы. 3-е изд., Л., 1957; Ярхо В. Н. Древнегреческая литература. Трагедия. М. 2000.