ЕВРО: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
Е́ВРО – Европа союзуна (ЕC) мүчө мамлекеттердин бирдиктүү валютасы. 2007-жылдын 1-январына карата Экономика жана валюта союзунун (ЭВC) мүчөлөрүнүн – 13 мамлекеттин (Австрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия) жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты. Ар бир мамлекет Е-го өтүүдө бирдей критерийге жооп берүүгө‚ б. а. инфляциянын деӊгээли 2‚6%тен‚ мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3%тен‚ ал эми жалпы мамлекеттик карыз ички дүӊ продуктунун (ИДП) 60%инен ашпоого тийиш. Проценттик ставканын ж-а валюта курсунун мүмкүн болуучу олку-солкулук чеги да белгиленген. Европа борб. банкы 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500 Е. ж-а 1, 2, 5, 10 цент тыйынын 1, 2 Е. тыйынын чыгарат. Банкноттор ж-а тыйындар ЭВС катышуучулары болгон өлкөлөрдө чыгарылат. Бирдиктүү валютаны киргизүүнүн шарттары ЭВCке мүчө мамлекеттердин макроэкон. көрсөткүчтөрүн жакындатууга шарт түзөт. Е. Кырг-нда да колдонулат.