ЕВРОПА АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРО́ПА АРАЛЫ Франциянын ээлиги (1897- жылдан). Инди океанындагы Мозамбик кысыгында жайгашкан. Аянты 28 км2. Туруктуу жашаган калкы жок. Аралда анча чоӊ эмес аскер гарнизону ж-а метеостанция бар. Кийинчерээк станция автоматташтырылып, анда иштеген кызматкерлер өз мекенине кайтышкан. Убактылуу жай мезгилинде гана иштеген (уз. 1 км) аэропорту бар. Табигый ландшафты өзгөрбөй сакталган арал. Ал мангр токою м-н капталган. Кокос пальмасы көп өсөт. Улуттук корук. Жапайы эчки кездешет. Океандан аралга миӊдеген жашыл таш бакалар чыгып, жумурткалайт.