ЕВРОПА ВАЛЮТА БИРДИГИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРО́ПА ВАЛЮ́ТА БИРДИГИ (ЭКЮ) ( European Currency Unit‚ ECU) – эл аралык валюта бирдигинин бир түрү, Европа валюта системасынын (1979–80) негизи. Cебеттеги ар бир валютанын үлүшү өз ара сооданын‚ улуттук продуктунун ж-а өлкөнүн кредиттик жардам механизмине катышуусунун салыштырма салмагын эсепке алууга эсептелген. Бул үлүштөр 5 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш болгон. Ушундай экинчи кароодон (1989) кийин ЭКЮнун маанилүү компоненти ГФР маркасы (30‚1%)‚ андан кийин француз франкы (19%)‚ фунт стерлинг (13%)‚ голландия гульдени (9‚4%)‚ италия лирасы (10‚15%)‚ бельгия франкы (7‚6%) болуп калган. ЭКЮ жүгүртүү каражаттары ж-а эсеп бирдиги катары 1979-ж. киргизилген ж-а Европа валюта системасынын резервдик активи ж-а эсептешүү бирдиги катары кызмат кылган. Расмий ЭКЮнун эмиссиясын Европа валюта кызматташтыгынын фонду ишке ашырган. 1999-жылдын 1-январынан Е. в. б. еврого алмашылган.