ЕВРОПА ИНВЕCТИЦИЯ БАНКЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВР О́ПА И НВЕCТ И́ ЦИ Я БАНКЫ (Е И Б ) (Europеan Investment Bank) – Европа экономи­калык коомунун (ЕЭК) өкмөттөр аралык финан­сы-кредит уюму. 1957-жылдын 25-мартындагы Европа экон. коомун түзүү тууралуу Рим кели­шимине ылайык уюштурулган. 1959-жылдан иштей баштаган. ЕЭКке мүчө өлкөлөр банк мүчөлөрү болуп саналат. Люксембург ш-нда жайгашкан, Лондондо‚ Римде‚ Брюсселде‚ Афи­ныда‚ Лиссабондо бөлүмдөрү бар. М и л д е т­т е р и: 1) ЕЭКке мүчө мамлекеттердин анча өнүкпөгөн райондорун тез арада өздөштүрүү үчүн узак мөөнөттүү кредит берүү жолу м-н көмөк көрсөтүү; 2) жаӊы ишканаларды модернизация­лоо‚ реконструкциялоо ж-а курууну кредиттөө; 3) ЕЭКке мүчө мамлекеттердин кызыкчылык­тары үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашы­руу. ЕИБ ишмердиги «Жалпы рынок» м-н ассо­циацияланган өлкөлөргө жайылтылат. Коммер­циялык пайда табуу ЕИБдин негизги милдетте­рине кирбейт. Кредиттер б-ча проценттик чени орто чендин деӊгээлинде белгиленет. Атайын кредиттер жеӊилдетилген шартта берилет. ЕИБ-дин жетекчи ж-а адм. органдары: башкармалар кеӊеши‚ директорлор к-ти ж-а башкармалык. Башкармалар кеӊешмесине ЕИБге мүчө ар бир өлкө өз өкүлүн‚ эреже катары‚ финансы минис­трин дайындайт. Кеӊеш кредит саясатынын принциптерин аныктайт‚ ар жылдык бюджетти ж-а жылдык балансты бекитет‚ уставдык капиталды өзгөртүү тууралуу маселени чечет‚ директорлорду ж-а башкармалыктын мүчөлөрүн дайындайт. Башкармалык ЕЭБ аппаратын же­тектейт‚ директорлор к-тинин чечимдеринин долбоорлорун даярдайт ж-а кабыл алынган че­чимдердин аткарылышын камсыз кылат.