ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗ-МАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ), ОБСЕ – коопсуздук, экономика, илим, технологиялар ж-а адам укугу багытында кызматташуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. 1975-ж. Хельсинки конф-ясында Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык б-ча кеӊешме (ЕККК) катары түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапешт жолугушуусунда кабыл алынган). Европанын, Азиянын ж-а Түн. Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу органы – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеӊеш, анын отурумдары жума сайын Вена ш-нда өткөрүлөт. ЕККУда төрагалык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер министри) кезек м-н жүргүзүлөт.