ЕВРОПА СОВЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВРО́ПА СОВЕТИЕвропа Союзунун (ЕС) же­текчилигинин жогорку саясий органы. Е. с-нин Уставы 1949-ж. түзүлгөн. Совет ЕСтин өнүгүү про­граммасын ж-а стратегиясын аныктап, маанилүү чечимдерди кабыл алат. Е. с-не мамлекет же өкмөт башчылары, о. эле Европа комиссиясы­нын төрагасы кирет. Е. с-нин иштерине тышкы иштер министрлери да катышат. ЕСтин органы катары Е. с. расмий түрдө 1986-ж. билдирил­ген. Е. с-н төрагалык кылуучу мамлекеттин башчысы жетектейт (бир мамлекет 6 айлык мөө­нөткө төрагалык кылат). Конф-ялар, отурум­дар, жолугушуулар ошол мамлекеттин айма­гында өткөрүлөт. Европа парламентинин засе­даниесинде Е. с-нин иш программасын белги­лейт. Жалпы эреже б-ча Е. с-нин чечимдери кон­сенсус аркылуу кабыл алынат. Е. с. кабыл алган чечимдер – бул саясий директивалар. Алардын негизинде ЕСтин ин-ттары тийиштүү укуктук че­чимдерди кабыл алат. Мис., бирдиктүү европ. ва­лютаны киргизүү маселеси адегенде Е. с-нин оту­румдарында кеӊири талкууланган. Кабыл алын­ган чечим ж-дө маалымат ар бир сессия бүткөндөн кийин коммюнике түрүндө билдирилет.